whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.05.2025
17.4 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыАКШ, Европа жана Украинанын өкүлдөрү Лондондо жолугушат

АКШ, Европа жана Украинанын өкүлдөрү Лондондо жолугушат

Украин президенти Владимир Зеленский 23-апрелде Лондондо согушту жөнгө салуу боюнча Украинанын, АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн делегацияларынын жолугушуусу өтөрүн тастыктады.

Зеленский Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен сүйлөшүүдөн кийин: «Шаршемби күнү биздин өкүлдөр Лондондо иштешет. Украина, Улуу Британия, Франция, Америка Кошмо Штаттары – биз шартсыз ок атышууну токтотууга жана андан кийин чыныгы жана туруктуу тынчтык орнотууга жетүү үчүн конструктивдүү аракеттерди улантууга даярбыз. Жардам көрсөткөн бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирем. Шартсыз ок атышууну токтотуу тынчтыкка болгон алгачкы кадам болушу керек жана бул Пасха майрамында дал ушул Орусиянын аракеттери согуштун уланышына себеп болуп жатканын көрсөттү», — деп социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал дүйшөмбүдөгү кайрылуусунда Лондондогу сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты ок атышууну шартсыз токтотуу экенин айтты.

Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, Америка тараптан сүйлөшүүлөргө АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана президент Трамптын атайын чабармандары Стив Уиткофф жана Кит Келлог катышат. Алар Франциянын, Германиянын, Британиянын жана Украинанын тышкы иштер министрлери жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери менен жолугушат.

АКШ, Украина жана Европа мамлекеттеринин сүйлөшүүлөрү ушул жумада өтө турганы тууралуу буга чейин Wall Street Journal гезити кабарлаган. Басылманын маалыматына караганда, Вашингтон Украинага согушту токтотууга багытталган сунушунда АКШ Крымдын аннексиясын тааный турганы жана Украинанын НАТОго мүчө болуудан баш тартуусу сыяктуу шарттар жазылган эле.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар