whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.02.2026
11.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүДанияр Амангельдиев Түркиянын элчиси менен жолугушту

Данияр Амангельдиев Түркиянын элчиси менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Өкем менен жолугушту.

Данияр Амангелдиев эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер динамикалуу өнүгүп жатканын жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлинде экенин белгиледи.

Ал ошондой эле эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча сапаттуу иштерди жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн кошумчалап, эки тараптуу товар жүгүртүүнү 5 млрд АКШ долларына жеткирүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо зарылдыгын баса белгиледи.

«Кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын иши Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу куралдарынын бири болуп саналат. Ушул жылдын күзүндө Комиссиянын кезектеги отурумун өткөрүү пландаштырылууда, ошого байланыштуу иш-чарага даярдык иштерин баштоону сунуштайм», — деди ал.

Өз кезегинде Түркия элчиси Мекин Мустафа Кемаль Өкем түрк тараптын жетишилген макулдашууларды, анын ичинде инвестициялык кызматташтыкты, соода алмашууну, ошондой эле ар кандай тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча активдүү ишке ашырууга даяр экендигин баса белгиледи. Элчи ошондой эле Өкмөттөр аралык комиссиянын алдыдагы отурумунун маанилүүлүгүн белгилеп, Бишкектеги жолугушуу эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жаңы импульс берерине ишенимин билдирди.

Тараптар кызматташтыкты андан ары кеңейтүү үчүн бир катар келечектүү багыттарды белгилешти, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы достук байланыштарды тереңдетүүгө жалпы кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Гезит

Кышты көркөмдөгөн Олимпиада

Бул айда дүйнөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүлү Италияга бурулду. Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары Кышкы олимпиада оюндарына кожоюн болуп, адамзаттын эң ири спорттук майрамдарынын бирин өткөрүүгө...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар