Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыӨкүлдөр палатасында Трампка каршы импичмент жараяны башталды

Өкүлдөр палатасында Трампка каршы импичмент жараяны башталды

Axios басылмасы билдиргендей, АКШнын Өкүлдөр палатасында демократ конгрессмен Шри Танедар Трампка каршы жети беренеден турган импичмент резолюциясын сунуштады.

Маалыматка ылайык, импичмент резолюциясында Трамп бир катар олуттуу айыптоолорго дуушар болууда. Алардын катарында сот адилеттигине тоскоолдук кылуу, бийликти кыянаттык менен пайдалануу, коррупция жана “тираниялык аракеттер” сыяктуу пункттар камтылган. Документ 29 барактан турат жана анда айрым дооматтар Трамптын бийликтеги аракеттери анын жеке каржы кызыкчылыктары жана сыйлыктары менен байланышы бар деп айтылат.

Бул сунуш Өкүлдөр палатасындагы республикалык көпчүлүк тарабынан каршылыкка кабылышы мүмкүн. Мындай кырдаал демократтарды кыйын абалда калтырып, добуш берүүдө так позицияны кармоого түртүшү мүмкүн. Эгерде Танедар өз сунушун артка кайтарбаса, анда Өкүлдөр палатасы жуманын аягына чейин бул маселе боюнча чечим кабыл алууга тийиш.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар