whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
21.7 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАрхитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси кармалды

Архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси кармалды

Курулуштагы кырсыктарга байланыштуу архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери курулуш компаниялары менен келишип алып, коопсуздуктун негизги талаптарын сактабастан курулуш иштерине уруксат беришкен. Мындай шалаакылыктын айынан адамдар каза болуп, жаракат алган учурлар көбөйгөн. Статистикага ылайык, 2022-жылы бийиктиктен кулаган 11 учур, 2023-жылы 73, 2024-жылы 172 учур, 2025-жылдын үч айында 30дан ашык учур катталган.
«Коопсуздук талаптарынын аткарылбай жатышы Курулуш министрлигинин тиешелүү бөлүмдөрүнүн шалаакылыгы жана курулуш компанияларынын кызыкчылыктарын коргогон мыйзамсыз аракеттери болгон. Айрым компаниялар кырсык болгон учурда жабыркагандардын жакындарына акча берип, арыздарын кайтартып алып, жоопкерчиликтен кутулуп кетишкен», — деп жазылат маалыматта.
Мындай мыйзам бузууларга бөгөт коюу максатында иликтөө УКМКга берилген. Жыйынтыгында 13-майда Архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы К.Т. жана ири курулуш компанияларынын биринин башкы директору М.Э. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар