whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
07.02.2026
0.1 C
Бишкек
Башкы беткеАктуалдуу маекДүйнөдөгү эң бийик 7 чокуну багындырган – Кадыр Сайдилкан

Дүйнөдөгү эң бийик 7 чокуну багындырган – Кадыр Сайдилкан

Альпинист, жеке ишкер, дүйнөдөгү 7 чокуну багындырган жалгыз кыргызстандык Кадыр Сайдилкан менен маектештик. Ал кантип альпинизмге кызыгып калганы, 7 чокуну багындыруу идеясы кантип келгени тууралуу кеңири айтып берди.

– Сиз альпинизм менен качантан баштап алектене баштадыңыз?

– Альпинизмге каргашалуу коронавирустан кийин келип калдым. 2020-жылы июнь айында ооруп калдым. Үйдө жатып, өзүмдү-өзүм дарыладым. Айыккандан кийин дарыгер тааныштарымдын кеңеши менен өпкөмдү компьютердик томографияга тарттырдым. Көрсө өпкөмдүн 18 пайызы жаракат алыптыр. Пульмонологдон канткенде өпкөмдү калыбына келтирсем болорун сурадым. Дарыгер суу бойлоп басып, дем алуунун көнүгүүлөрүн жасоо керектигин айтты. Ала-Арча жаратылыш паркына барып суу бойлоп басат элем. Бир күнү альпинисттерди көрүп калдым. Аларга мени дагы чокуларга алып чыккыла десем кийимиң тоого жарабайт деп, кайсыл жерден кийим-кечек сатып алуу керектигин айтышты. Ошентип, альпинисттер айткан форманы алып, ошолорго кошулуп тоолорго чыга баштагам.

– Альпинизм көп акча талап кылган спорттун түрү дешет. Альпинисттердин формасына канча акча кетет экен?

– Мен ошондо жаңыдан аралашып баштаганда 3 миң доллардын тегерегиндеги акчага форма сатып алгам. Чоң тоолорго чыгып баштаганда андан дагы эки эсе кымбат формаларды сатып алдым.

– Алгач кайсы чокуларга чыктыңыз?

– Мен мурда тааныбаган, дүйнөлүк деңгээлде таанымал альпинисттерибиз бар экен. Ошолорго кошулуп алып, Мугалим, Бокс, Корона чокусуна чыга баштадым. Кыргызстандагы чокуларга машыгуу катары чыгып жүрүп, Африканын эң бийик чокусу Килиманжараны көргүм келди. Ал жакка 2020-жылдын декабрь айында учуп кеттим. 31-декабрь күнү түндө 12:00дө бизди акыркы лагерден чыгарды. Мен түнкү саат 03:45те Килиманжаранын чокусуна чыгып алгам. Кайра түшүп келатканда: “Сен альпинистсиңби, аябай тез басат экенсиң, 7 чокуну багынтып жатасыңбы?”, — деп жанымдагылар суроо берип калды. Мен 7 чоку жөнүндө билбейт болчумун. Бишкекке келгенден кийин интернеттен изилдесем, 7 континеттин саякаттай турган эң бийик 7 чокусу экен. Африкадан кийин Европанын эң бийик чокусу Эльбурска бардым. 2022-жылы Түштүк Америкадагы Аконкагуа, Түндүк Америкадагы Денали чокуларына бардым. 2022-жылдын аягында Антарктидадагы Винсон чокусуна чыктым. 2023-жылы Австралияга виза ала албай калдым. Ошентип, Эверест чокусуна кеттим, ага 17-майда чыктым. Андан кийин бир аз эс алып, Эгемендүүлүк күнүнө карата август айында 7- чокуну Австралиянын эң бийик чокусунда жапкам. Мен 7 чоку долбоорун баштап жатканда Кыргызстандан эч ким бул долбоорду ишке ашырбагынын билип, саякатымды “кыргыз изи” деп атап койдум. Анткени, кыргызстандык адам 7 чокуну багынткан деген маанини берсин деп. Азырынча 7 чокуну багындырган жалгыз кыргызстандыкмын. Бирок, бизден дагы альпинисттер бул чокуларды багындырышына ишенем.

– Эсептеп отурсам 3 жылда 7 чокуну багынтыпсыз. Андан башка дагы чокуларга чыккансызбы?

– Бийиктиги 8000 метрди түзгөн 3 чокуга чыккам. Эверестке чыгардын алдында даярданайын деп интернетти карап жатсам, Манаслу чокусу чыгып калды. Анын бийиктиги 8160 метр экен. 8 миң метрлик 14 тоо болсо, алардын айрымдарына күздө чыгат, Манаслу ошолордун бири экен. Ал чокуга «Манас» эпосун көтөрүп чыккам. Андан кийин Непалдагы Ама-Даблам чокусуна баргам. Бишкектен учуп кетип кайра келишиме 7 күн убакыт кеткен. Эвересттин жанында Лобуче деген чоку бар, ага да чыккам. Ошентип, баш-аягы 13 чокуну багынткам.

– Манаслу чокусуна «Манас» эпосунун үч томдугун алып чыгууга эмне түрткү болду?

-Бала кезде чоң атам бизге эпосторду окутат болчу. Ошондон улам, жаштыгымдан бери «Манас» эпосуна жакынмын. Эгемендүүлүктөн кийин эпосубузга болгон мамилебиз жакпай жүрдү. Бул эпоско өзгөчө көңүл бурушубуз керектигин кантип элге жеткирем деп ойлоп жүрчү элем. Денали тоосунан баштап эпосту жаныма салып жүрө баштагам.

– Манаслу чокусу тууралуу изилдеп көрдүңүзбү эмне үчүн мындай аталып калганын?

– Манаслу тоосунун түбүндө жашаган Гурха деген эл болот экен. Непалдыктар Манаслу ошолордун тоосу деп билишет. Алардын аксакалдарынан, жергиликтүү башка элдерден, альпинисттерден сурадым, бирок, эч ким так жообун билбейт экен. «Манаслу» деген сөз гурха тилинде да, непал тилинде да, шерпа тилинде дагы жок. Айрымдар кытай тилинен «лу» деген бул «жол» дегенди билдирет дешти. Анда манастын жолу болуп калат окшойт. Тибетте Кайлаш тоосунун жанында Манасаровар деген көл бар экен. Цинь-Зянда Манас көлү бар. Тилекке каршы, татыктуу тарыхчыларыбыз жок болуп жаткан дыктан изилденбей жатат.

– Ал жактагы элдердин кыргыздарга окшоштугун байкаган жоксузбу?

– Сырткы келбети жагынан окшош туктарын байкадым. Алар деле арча түтөтүп, үйлөрүнө ысырык салат. Мал чарбачылыктан топоз багышат, бирок, эт көп жешпейт. Буддизм менен шаманизм аралашкан динди тутунушат. Жаратылыш менен эриш-аркак жашап, жаныбарларды өлтүрүшпөйт.

– Менин билишимче «Манас» эпосунун салмагы 4 кг. жакын. Тоого керектүү буюмдарды көтөргөндө китептин салмагы кошумча болуп, тоскоолдук жаратпайбы?

– Негизи бул дүйнөнүн альпинисттерин таң калтырат. Бирок, мен дайыма өзүм менен кошо алып жүргөндүктөн анын оордугу мага билинбейт. Мен үчүн физикалык жактан эң оору Денали чокусу болду. Мен барган июнь айында 53 градуска чейин суук болуп турган. Мени менен бараткан адам чарчап калып, аны ээрчитип жүрүп өзүм да чарчадым. Ошондо артка кайткым келип, өзүмдү таштап жибергенде манас эсиме түштү. “Артымда манасым турса, мен эмне үчүн багынышым керек”, — деп чыйралып туруп чокуга чейин жеткем.

– Негизи асынган сумканын салмагы канча болот?

– 8000 миң метр бийиктикке чыкканда кислород баллонун кошкондо 8 кг. салмактагы жүктү көтөрүп жүрөбүз. Башкаларга караганда китеп кошулганы үчүн меники 4 килограммга оорураак.

– Чокуга чыгып жатканда кандай тамактарды жейсиздер?

– Кыргызстандан майдаланган курут, кургатылган өрүк, талкан, мейиз жаңгак алып алам. Көп тамак жесең ашказаның сиңире албай кыйналат. Мен башында билбей чучук алып барып алыпмын. 5000 метр бийиктиктен кийин аны жей албайт экенсиң. Ар кайсы кургатылган мөмөлөрдү аз-аздан жеп жүрө бересиң, бирок, бир эле нерсени көп жей албайсың.

– Эверест чокусуна канча күндө чыгып түшүшөт?

– Даярдыктарын кошкондо 30-45 күн убакыт кетет. Асель Байбагышева Эверест чокусуна чыгуу башталган биринчи күнү эле чыкты. Ал 2025-жылы Эверестти ачкан биринчи айым болду. Асель 54 саатта Эверестке чыкты.

– Эверестке чыгып келүүгө орточо канча акча кетет?

– Эң эле үнөмдүү болгондо 50 миң доллардан өйдө болот. Кычкылтекти чексиз колдоном деген байлар 150 миң долларга чейин төлөгөн учурлар бар. Эверестке жылына 45-500 адам чыкса, анын 20 пайызы эле спортчулар. Калгандары бизнесте жүрүп акча таап, эмне кыларын билбей анан тоого чыккандар болушат.

– Альпинизм Кыргызстандын туристтик потенциалын көтөрө алабы?

– Ооба, Кыргызстанда альпинисттер кызыккан жакшы жерлер бар. Болгону биз туура саясат жүргүзсөк, туристтер агылып келет болчу. Бизде альпинизмге жакшы шарт түзүлсө, келечекте Кыргызстан туристтердин өлкөсү болоруна ишенем.

Султанбек АМАНБЕК уулу,
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Науру Республикасы

Борбору жок өлкөОкеания аталган, Тынч океандагы аралдарда чакан мамлекеттердин катарына кирген өлкөлөр бар: Гуам, Папау, Маршалл аралдары, Тувалу, Науру ж.б. Бир аймакта жашагандыктан, климаты,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар