Тыгында өмүр өтөбү?..

Бишкекте, саат 9.00гө жумушка келүү үчүн, кокус шаардын чет жакасындагы конуш тарда жашасаң, таңкы саат 7де чыкмайын жетпей каласың. Маселен, өзүм деле кээде Арча-Бешиктен 7.10до чыгып, жумушка 9.00дөн өтүп келген учурлар болот. Биз жакка бир гана 203-автобус каттайт, аны менен Манас – Чүй проспектилеринин кесилишине чейин келип, “ат котормой”. Буга деле көнүп калдык. Биздин көнбөгөнүбүз, 203-автобус жүргөн Түштүк Магистраль да, Ахунбаев да, Айтматов-Манас проспектиси да дайыма тыгын. Эртең менен да, кечинде да ошол.

Эсимде, Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалып жатканда ошол кездеги МинКабдын төрагасы Акылбек Жапаров Айбек Жанышбекович биринчи квартал ичинде жолдордогу тыгын маселесин чечпесе иштен алынат деген. Азыр Акылбек Үсөнбекович жок, бирок тыгын маселеси ошол бойдон калды. Айбек Жунушалиев жаңыдан кызматка киришип жаткан да, Бишкектин бардык мектептерин саат 7.30дан, ал эми жогорку окуу жайларында саат 10.00дөн окуу тартибине өтүү сунушу айтылып, бул демилге деле толук болбосо да, жарым-жартылай ишке ашырылган. Тилекке каршы, бул деле тыгын маселесин чече алган жок. Бишкек мэриясы муну менен токтоп калбай, жол тыгын менен күрөшүүнүн радикалдуу жолу катары, бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү сунуштаган. Мыйзамдын негиздемесинде, 2024-жылдын 1-июнуна карата Бишкекте 416 миң 837 автоунаа катталганы, аймактардан келген унааларды кошо санаганда 600 миңден ашары, шаардын жолдору 350 миң авто жүрүүгө ылайыкталганы, шаар жолдорунун жүгү дээрлик эки эсеге көп болуп жатканы белгиленип, республикалык маанидеги шаарлардын жолдорунда номери боюнча белгиленген күнү автоунаа кыймылын чектөө киргизүү сунушталган.

Ага ылайык: дүйшөмбүдө – 1 жана 2 саны менен аяктаган номерлүү автоунаалар; шейшембиде – 3 жана 4 саны менен аяктагандар; шаршембиде – 5 жана 6 саны менен аяктагандар; бейшембиде – 7 жана 8 саны менен аяктагандар; жумада – 0 жана 9 саны менен аяктаган автолор шаарда жолго чыгууга чектөө киргизиле турганы, чектөө ишемби, жекшемби жана майрам күндөрдү кошпогондо 7:00дөн 21:00гө чейин колдонулары, бул чара жолдордогу автолорду 20 пайызга азайтары божомолдонгону айтылган. Чектөө боюнча атайын нөөмөтчү жана коомдук транспортко жайылтылмак эмес, чектөөнү сактабагандарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып каралган. Ошондой эле, аталган мыйзам долбоору менен транспорт токтотуучу жайларга акысын төлөбөгөндөргө 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салуу сунушталган болчу.

Тилекке каршы, бул демилге деле долбоор боюнча кагазда калды. Азыр муну эскерген эч ким жок.

Жолдордогу тыгындарды азайтуунун бир жолу катары метро куруу да айтылган. Эгерде кандайдыр дипломатиялык жолдор менен же Кытай, же Россия менен, же башка өлкөлөр менен сүйлөшүп, метрону аларга 20-30 жылга берип таштап, жасагандан кийин колдонсун, андан кийин бизге өтөт деп келишимдерди Министрлер Кабинети караса, Бишкектеги тыгын, автожолдогу проблемалар чечилип калат деп ойлойм, – деген ойлорду айтышкан депутаттарыбыз да болгон. Бул деле сөз бойдон калды.

Мэрия шаар жолдорундагы тыгынды азайтуунун дагы бир чарасы катары аймактан келген машиналардан төлөм алууну сунуштаган. Бул демилге эл арасында күлкү менен кабыл алынып, эгер анда ар бир облус, шаар, айыл сырттан келген машиналарга акы төлөө жана чектөө киргизсе кандай болот деген жүйө келтирилген. Быйыл Ош шаарында да башка жактан келген автолордон төлөм алуу тууралуу сунуш айтылып, катуу сынга кабылды.

Мурда шаар ичиндеги жолдордо маршруттар каттаганда, бардыгыбызга шаар ичиндеги тыгындарды ошолор эле жаратып, авариялык кырдаалды ошолор түзүп жаткандай сезилчү. Азыр дээрлик майда бусиктер жок, бирок тыгын азайган жок. Тескерисинче, тыгын көбөйдү, мурда бусиктер жеңил машиналардан жол талашып айдаса, азыр автобустар көлөмдүү болгондуктан, жол талаша албайт, натыйжада коомдук транспорт менен бир саатта жеткен жерибизге азыр 1,5 саатта жетип, бул деле нормага айланып калды.

Жарандык активист, серепчилердин бири: “Асмандан учуп келген мэр болсо деле ал азыр тыгын маселесин чече албайт” деп кесир ооз айтканы да бар.

Эмнеге тыгын маселесин чечкенге болбойт. Эгерде, шаардык бийликте каалоо болсо, бир токтом менен тыгын маселесин чечсе болот. Өткөн жылы авто унаалардын кыймылына чектөө киргизүү тууралуу демилге киргизилип, ал демилге ишке ашпай калып отурбайбы. Негизи бул колдоого алынуучу сунуш болчу. Убагында “Кыргыз Туусу” гезити бул демилгени колдоп гана тим болбой, бир күн так номерлүү, бир күнү жуп номерлүү автолор жүрсө, тыгын деген баш оорудан таптакыр арылмакпыз деп жазганбыз.

Чындыгында да бүгүн шаар жолдорундагы тыгындарды азайтуу үчүн мына ушундай радикалдуу кадамдарга барышыбыз керек. Ал эми шаар жолдорун кеңейтип, алты тилкелүү кылуу, метро куруу тууралуу маселе күн тартибинде кала берет деп ойлойбуз. Себеби, шаар ушул бойдон туруп калбайт. Калктын санынын көбөйүшү менен, машиналардын саны мындан да көбөйөт. Тыгын азыркыдан да узарат. Демек, кардиналдуу иштер бүгүнкүдөн башталуу керек жана ал Айтматов проспектин кеңейтүү менен чектелип калбаш керек деп ойлойбуз. Айтматов проспекти демекчи, азыркы учурда аталган проспектин айрым жашоочулары менен мэриянын ортосунда бир аз түшүнбөөчүлүктөр болуп жатат. Муну мэрия укуктук талаада Айтматов проспектинин жашоочуларынын укугун бузбагандай, шаардын кызыкчылыгын да чечет деген ишенимдебиз. Себеби, бүгүн-эртең Айтматов проспектисинин гана эмес, Байтик, Курманжан датка, Дэн Сяопин, Некрасов, Садырбаев ж.б. көчөлөрдүн да жолун кеңейтүү да күн тартибинде турат. Андыктан, мэрия жеке менчик ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн белгилүү жол-жоболорун иштеп чыгып, керек болсо, тиешелүү мыйзамдарды иштеп чыгууга тийиш.

Автоунаалардын кыймылына чектөө киргизүү да шаардыктар жана шаардын коноктору тарабынан терс кабыл алынышы ыктымал. Бирок, авто ээлери каалайбы же жокпу, шаар бийлиги бүгүн болбосо эртең мына ушул кадамга барууга тийиш. Себеби, шаар жолдорундагы тыгындар экономикага түздөн-түз таасирин тийгизет. Муну биз эмес, бизнесмендер айтууда.

Эмне үчүн Кытайда акыркы 30 жылда экономика болуп көрбөгөндөй өстү. Анын бирден бир себеби, кошуналар жол магистралдарына аябай көңүл бөлүп, жылына миңдеген чакырым жолдорду салып жатат. Кытайда 2023-жылдын январынан августуна чейин 97 000 чакырым жол курулган, адистер орто эсеп менен 750 метр жолду салууга бир саат убакыт кеткенин эсептеп чыгышкан. Бүгүн Кыргызстанда да болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр жүрүп, бардык жерде курулуштар курулуп жатат. Эгемендик алгандан кийин мектептер ди, бала бакчаларды ашар жолу менен салып калсак, азыр мамлекет өзү миллиондогон акчаларга заңгыраган, эл аралык стандарттарга төп келген мектептерди, бала бакчаларды салып жатат. Мурда мамлекеттик архивдер кургак учук ооруканаларынын эски имараттарына эптеп жайгашып, ошого да ыраазы болсо, азыр архивдер үчүн республика боюнча жаңы имараттар курулуп жатат.

Май майрамдарынын алдында Талас шаарына барып калдык. Шаар таптакыр өзгөрүптүр. Чоң көчөлөрүнүн баары кеңейтилип, асфальтталып жатыптыр. Шаардын борбордук көчөлөрүнүн бири болгон Асанбек Оторбаев көчөсү мурда эле дайра агып өтө тургандай кенен эле. Азыр кызыл чектен бери чыгып кеткенсиңер деп жарым метр бери чыгып кеткендерди да, шаардын башкы планына ылайык келтирип жатышкан экен, таластыктар туура эле кабыл алып, “Келип, дарбазага жазып кеткендин эртеси эле өз колубуз менен талкалатпай, кышын кыштай, ташын таштай бузуп алып жылдырып койдук. Жөн эле, мыйзам талашып чырылдаша бергенде эмне? Таласта мурда орус тилдүүлөр, анын ичинде орустар, украиндер, беларустар, немистер ж.б. улуттун өкүлдөрү көп жашаган. Эгемендик жылдары дээрлик көбү көчүп кетишти. Сыягы үйдүн биринчи ээлери тегерек четин тосуп жатканда, жарым метр-бир метрге чыгып кетсе керек деп түшүндүк. Бул бизден кеткен мыйзам бузуу эмес” дешти.

Шаарыбыз шаарга окшошсун десек, өмүрүбүз тыгында өтпөсүн десек, анда жолдорубузду кеңейтип, метролорду куруп, ошону менен бирге жеке менчик жеңил машиналардын кыймылына чектөө киргизүүбүз абзел.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар