Башкы беткеСаясат жана коомКоомАдылбек Касымалиев КМШнын жыйынына катышуу үчүн Тажикстанга келди

Адылбек Касымалиев КМШнын жыйынына катышуу үчүн Тажикстанга келди

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына жумуш сапары менен келди.

Маалыматка ылайык, учак Дүйшөмбү эл аралык аэропортуна конуп, Адылбек Касымалиевди Тажикстандын премьер-министринин орун басары Усмонали Усмонзода жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик желектери илинди.

Эскерте кетсек, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында КМШ өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Ошондой эле эки тараптуу жолугушуулар жүргүзүлүп, бир катар документтерге кол коюлат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар