whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
20.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомСүйүнбек КАСМАМБЕТОВ: "Нарк куржун"

Сүйүнбек КАСМАМБЕТОВ: «Нарк куржун»

Кыргыз наркы – нечен жоболоңдон сакталып, жоголуп кеткиче жомокко айланып, эненин эбеденинен эмчек сүтүнө сиңип, бешик башына тумар болуп тагылып, термелген сайын бешик күүсүнүн ыргагына көөшүгөн улуулук. Найзанын учуна тепчилип кетпей, кылыч мизине кесилип кетпей, ташка салса сынбаган, кылымдан-кылым тынбаган бийиктикке айланып, эл ишениминен, элдин үмүтүнөн боюна эбегейсиз кубат жыйнаган асылдуулук. 

Кыргыздын байыртадан бери укумдан-тукумга көчмөн калктардын уюткусу катары келип жеткен нарк-насилибиз, каада-салттарыбыз, тарбиялык таалими зор баяндар, уламыштар тууралуу Сүйүнбек Касмамбетовдун уңгулуу кептеринен жарыялайбыз.

(Башталышы өткөн сандарда)

Кыргыз жерине өмүр бою көз артып жүрүп, кыргыз менен кырчылдашкан кармашта оор жараат алып өлүм алдында жаткан Каканчы деген каган уулуна мындай керез калтырыптыр: «Балам, кыргыз менен 20 жылдай кармаштым. Аны оңой эле жеңем деп жаңылыпмын. Бу кыргыз тукум кууду хан дайындабайт, ортого салып, ак кийизин жайып, ак боз бээсин чалып, кызыл кырбуу тебетей хан көтөрөт. Кыргыз аттын кашкасындай чакан эл болгону менен, уй түгүндөй түтөгөн душманына такаат берет. Көч үстүндө төрөлүп, ат үстүндө жоо сүрүп, ат жалында өлчү калк. Атургай, тул калган катын-калачынан тартып тамтуң баскан бала-бакырасына чейин баканын ала жүгүрүп, катылган жоого тап берет. Жеңсе – талкалап кете берет, жеңилсе – кайра-кайра көтөрүлүп сазайыңды берет, азабыңды жегизет. Журт уютуп, эл баккан жолбашчылары бар. Кайгуулга чыгып, тосотто туруп жоо сүргөн колбашчылары бар. Алтымыш түркүн тил билген, тили менен пил минген, кычуусу канбас кызыл тил элчилери жүрөт. Акыл калчап ой баккан олуясы менен капилетте сөз тапкан, караңгыда көз тапкан даанышманы арбын. Өз таржымалын өнөрүнө каткан, анысын бөпөлөп баккан өзгөчө калк, жаактууга жай бербес жөө чечендери менен ак таңдай акындары толтура. Мен жаңылдым, эми сен жаңылба. Айланаңды абайлап бак, эптеп бир айласын тап. Тилимди алсаң, бу кыргызды адегенде акылдан ал, алтын-зерди аяба, ырчы-чоорчуларын бооруңа тарт, дилин жумшарт, эркин мокот, акылы тайкы алабармандарын эл жакшыларына айгак кыл, журт башчыларына айдак кыл. Арага тыңчыларды салып, бүкүлү журттун тынчын ал. Аларды урук-урукка, уруу-урууга бөлүп-жар, жаат-жаат кылып жакалаштыр, жакалашкандарды бийлерине каршы баталаштыр. Ошондо кырк уруу кырылгыс элбиз деп кырданган кыргыздын эр-бүлөсү кул болот, кыз-кыркыны күң болот, малы-мүлкү пул болот. Ошондо журт уюткусу бузулат: эли сайгак болот, бир-бирине айгак болот, малы айдак калат, жери жайдак калат…»

«Ырчы менен элчиге өлүм жок!» деген накыл кеп дал ошондон калган дейт. Бул эми, азыркы тилге салганда, «адегенде бүкүлү журттун ыркын кетирип, улуттук баалуулуктары менен маданиятын жой, элин нарк-насилден, өз тилинен, каада-салттан, үрп-адаттан ажырат да, анан жерин басып ал» дегендей эле бир кеп да. Албетте, Каканчы кагандын арам ою ишке ашкан жок, кекээрлүү кербезденген керези аткарылбай калды.

Көрсө, Каканчы каган бул ирет да жаңылыптыр. Ал ата-баба табериги бара-бара салтка айланарын, ал акыры улуттук наркка айланарын, нарк күткөн эл жеңилгис калкка айланарын, нарк-насил көрөңгөсү дал ошо өнөр адамдарынын дээринде сакталарын, ал улуттук эстутум аталарын эске албай калса керек. Ошондон улам биз тээ 3 миң жылдан ашуун тарых-таржымалыбыздын, ата-бабадан бери келаткан улуттук баалуулуктарыбыздын, улуттук нарк-насилибиздин, элдик маданиятыбыздын башатын кармап турган, аларды заман талабына жараша өркүндөтүп-өстүргөн өнөрлүү адамдарыбыз бар үчүн ушул кезге чейин кыргыз атын сактап келдик…

Жүз жигит

Бизде «Жүз жигит» деген бир элдик күү бар. Эми, ал ар аймакта ар башкача чертилет экен, бирок түпкү таржымалы бирдей эле. Мен билгенден, илгертен эле адегенде кара күүлөр чертилер алдында: «күүнү чертсең айтып черт» дегендей, адегенде алардын таржымалы учкай баяндалчу, анан угуучуларды алдын-ала багыттап алгандан кийин гана күүнүн өзү чертиле турган. Мен өзүм кара күүнүн атасы Карамолдо менен Чалагыздын айылдашы болгондуктан андай салттын четбучкагын көрүп калдым. Тилекке каршы, азыр андай күүлөр маани-маңызы жөнүндө баяндалып чертилбей калды. Ар бир аткарылуучу күүнүн дайыны, дареги айгинеленбей аткаргандыктан күүнүн таалим-тарбиялык мааниси өз максатына жетпей келет да, комуз сүйүүчүлөр менен комуз күүлөрүнүн ортосунда түшүнбөстүк пайда болуп, натыйжада комуз күүлөрүнүн күйөрмандары азаюуда.

Үмөт молдо Түгөлбай уулу (1883-1943) айтылуу Талас өрөөнүнөн чыккан элдик табып (дарыгер), алгачкы агартуучу, санжырачы, улуу ойчул, жыл сүргүч (астролог) болгон. Биз сөз кылган инсандын артында биз сөз кылчу «Жүз жигит» күүсүнүн тарыхы да ушул Үмөт молдодон келгени ырас. Бул күү комуз күүлөрүнүн тарыхында расмий сакталып калбаганы менен, анын жаралышы жөнүндөгү улуу баян элдин эсинде. «Жүз жигит» – бул күү менен чертилип баяндалган улуу эрдиктерге тарбия. Бул жерде элдин качанкы бир дастанында айтылган эрдик комуздун «тилине» өтө чеберчилик менен которулган.

Эмесе, «Жүз жигит» күүсүнүн кыскача таржымалы мындай: Кыргыз элинин эзелки «сөөк өчтү» душмандарынын бири Алдан жайсаң кезектеги жеңилүүсүнөн кийин өз жерине кайтып баратып: «эч кимден жеңилбеген бу кыргызды кыргыздын өзү кыргыдай кылбасамбы» деген кыязда, эмгектеп жүргөн баладан тартып төрт жашка чейинки балтыр бешик жүздөн ашык балдарды жолдон туткундап кетет экен да, алардын ичинен кырчындай жүз баланы тандап, кыргыздын уулдарын кыргыздын өзүнө кырды бычак кылып даярдамак болот. Аларды кылычынан кан тамган канкор, катылган жоосун аябас зулум, жакшылык бетин көрбөгөн залимдикке тарбиялайт. Ошентип 20 жылдан соң баягы кыргыз балдары өз насилин унутуп, кара таандай каптаган душман колунун мизинде турат, далай-далай каршылашын талкалайт, кандуу кармаш кыныгын алат.

Акыры жүз жигит эрезеге жетип, кемелине келип, баралына толот. Алдан жайсаң аларды өз журтуна каршы коюуну чечет да, кыргыз чегине жакындап барып, даярдыкты андан бетер күчөтөт. Тегерегин бөөдөй куурган эзелки душмандын сары изине чөп сала ар кадамын тымызын акмалап жүргөн тыңчылар анын капыстан кол салууга камданып калганын кыргыздарга кабарлайт: «Алдан жайсаң бир балээни баштаганы турат. Калмактардын атайы даярдыктан өткөн жүз жигити бар экен» деген кабарлары кыргыздын намыстуу колбашчыларынын жүрөгүн тикенектей сайгылап, акыры кыргыз мыктылары кеңеш куруп, калмактын кыйын деген жүз жигитине байкоочу болуп Күлбото деген аксакалы жөнөйт.

(Уландысы бар)

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар