Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети бүгүн, 13-апрелде, «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүү жеңилдигин берүү тууралуу токтом долбоорун карап, жактырды.
Аталган долбоордун демилгечилери — депутаттар Медер Чотонов, Исманали Жороев, Бахридин Шабазов, Нуржамал Торобекова, Жылдыз Эгенбердиева, Гулнара Баатырова, Эдита Тайгараева, Болот Сагынаев, Гулсункан Жунушалиева жана Бактыяр Калпаев.
Комитет төрагасы Ырысбек Атажанов негизги баяндамачыдан тышкары тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жыйынга онлайн форматта катышканын белгиледи.
Депутат Медер Чотонов белгилегендей, токтом долбоору «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин өзгөчө эмгегин таануу, социалдык адилеттүүлүк принциптерин ишке ашыруу, билим алууга тең мүмкүнчүлүк түзүү жана жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Ошондой эле бул демилге үй-бүлө, энелик жана балалыкты колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашып, демографиялык өнүгүүгө өбөлгө түзөт.
Талкуу учурунда депутаттар Салтанат Аманова жана Гулай Машрапова жеңилдиктерди берүү механизмдерин такташты. Ал эми депутат Токтобубу Ашымбаева жогорку окуу жайларда каралган 10 миң гранттан тышкары, «Баатыр эне» орденинин ээлеринин балдары үчүн кошумча 500 гранттык орун бөлүү тартибин көтөрдү. Депутат Болот Сагынаев болсо мындай энелерге пенсия курагына жеткенге чейин социалдык кепилдиктерди камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.