Башкы беткеРубрикаларБилим берүүБиринчи класска 50 миңге жакын бала катталды

Биринчи класска 50 миңге жакын бала катталды

Кыргызстанда биринчи класска кабыл алуу өнөктүгү уланууда. Ачык маалыматтар порталы 1mektep.edu.gov.kg сайтынын маалыматына ылайык, учурда 50 миңге жакын бала 1-класска кабыл алынган.

Бишкек шаарында 8 миң 400гө жакын бала катталып, алардын ичинен кыргыз тилиндеги класстарга дээрлик 3 миң 400 орун, ал эми орус тилиндеги класстарга 5 миңге жакын орун бөлүнгөн. Ошол эле учурда борбор калаада дагы 18 миңден ашык бош орун бар.

2026/27-окуу жылына карата жалпы квоталардын саны 192 миң 300дү түзөт. Республиканын түштүк аймактарында өзбек жана тажик тилдериндеги класстарга да кабыл алуу жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, биринчи класска онлайн каттоо 1-апрелде башталган. Каттоого 2019 жана 2020-жылдары төрөлгөн балдар катыша алышат.

Кабыл алуунун биринчи этабы ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү тиешелүү мектептин аймагында каттоодо турган балдар үчүн жүргүзүлөт. Экинчи этап 1-июндан тарта башталып, жашаган жери боюнча каттоосу жок балдар үчүн мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар