Кыргызстан табигый кырсыктан жапа чеккен Ооганстан элине кезектеги гуманитардык жардамын жөнөттү.
Ош шаарында даярдалган жүктө 130 тонна азык-түлүк, наркы 2 миллион сомду түзгөн балдардын жылуу кийим-кечеси жана күнүмдүк зарыл товарлар камтылды.
25-сентябрда коопсуздук кызматтарынын коштоосунда чыккан кербен 27-сентябрда Өзбекстан аркылуу Термездеги Хайратон өткөрмө постуна жетип, андан ары Кыргызстандын Ооганстандагы өкүлү жана жергиликтүү коопсуздук органдарынын коштоосунда өткөрүлдү.
Жардам Нургал районунда 31-августта болгон жер титирөөдөн жабыркаган калкка арналган. Жүк атайын кампаларга түшүрүлүп, жакынкы күндөрү кырсык болгон аймакка жеткирилери маалымдалды.
Кыргыз делегациясын Балх провинциясынын губернатору Мухаммат Юсуф Вафо өз резиденциясында кабыл алып, кыргыз элине жана мамлекет башчыга ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле Мазари-Шариф шаарында Кыргызстандын консулдугун ачуу демилгесин колдоп, айыл чарба жана соода-сатык тармагында кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин айтты.
Белгилей кетсек, Кыргызстан 2022-жылдан бери Ооганстанга үзгүлтүксүз гумжардам жөнөтүп келет. Акыркы төрт жыл ичинде жалпы 360 тоннадан ашык жүк жеткирилген.

