Башкы беткеМаанилүүКасымалиев Өзгөн — Мырза-Аке — Кара-Кулжа унаа жолунун курулушу менен таанышты

Касымалиев Өзгөн — Мырза-Аке — Кара-Кулжа унаа жолунун курулушу менен таанышты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн — Мырза-Аке — Кара-Кулжа эл аралык маанидеги автоунаа жолун капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Анда, МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиевге Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, мамлекеттик органдардын аймактагы ведомстволук бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү иштин жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа автоунаа жолунун оңдолуучу бѳлүгүнүн узундугу 34 чакырым, ал 3 бөлүктөн турат. Ошондой эле узундугу 31, 102 чакырымды түзгөн 2 даана көпүрө бар. Бүткөрүү мезгили 2025-жылдын аягына чейин пландалууда. Долбоордун сметалык баасы 2,2 млрд сом.

Учурда тротуарларды куруу, асфальт-бетон төшөө,  лотокторду орнотуу сыяктуу бир катар иштер уланууда. Пландалган жумуштардын 90-95%ы жыйынтыкталды.

Капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып чыккан минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана өз убагында бүткөрүүнү тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырды.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар