whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.01.2026
0.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыКыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери эл аралык тынчтык сыйлыгына көрсөтүлдү

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери эл аралык тынчтык сыйлыгына көрсөтүлдү

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Лев Толстой атындагы Эл аралык тынчтык сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу «Россия фонд мира» фондуна шилтеме берүү менен РИА Новости маалымдады.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчылары дүйнөлүк укуктук тартипке негизделген жалпы жана тең коопсуздукту камсыздоого, көп багыттуу дүйнө түзүлүшүн курууга, ошондой эле элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташууну бекемдөөгө кошкон салымы үчүн сунушталууда.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын март айында аталган үч өлкөнүн лидерлери Тажикстандын Худжанд шаарында чек аралардын кесилишкен чекитин аныктоо тууралуу келишимге жана Түбөлүк достук тууралуу Худжанд декларациясына кол коюшкан.

Лев Толстой атындагы Эл аралык тынчтык сыйлыгы 2024-жылы негизделген. Сыйлык согуштардын алдын алууга жана тынчтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн саясатчыларга жана эл аралык уюмдарга ыйгарылат. Ал жазуучу Лев Толстойдун туулган күнү – 9-сентябрда Москва шаарында тапшырылат. Алгачкы лауреат — Африка союзу болгон.

Гезит

2025-й в цифрах и фактах

Рост ВВП ВВП Кыргызской Республики в январе-ноябре 2025 г. увеличился на 10,2%.  Сильные инвестиционный и потребительский спрос продолжают составлять опору роста экономики. Инвестиции в основной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар