Башкы беткеРубрикаларБилим берүүБүгүн балдарды 1-класска электрондук каттоо башталды

Бүгүн балдарды 1-класска электрондук каттоо башталды

Бүгүн, 1-апрелде Кыргызстанда балдарды 1-класска электрондук каттоонун биринчи этабы башталды.
Агартуу министрлигинин «Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо» санариптик технологиялык системасы жөнүндө жобосуна ылайык, балдарды 1-класска электрондук каттоо эки этап менен жүргүзүлөт:

Биринчи этап — 1-апрелде саат 10:00дөн тартып жүргүзүлөт:

жашаган жери боюнча тиешелүү жалпы билим берүү уюмунун микроучастогунда каттоосу (пропискасы) бар балдарды кабыл алуу;

Экинчи этап — 1-июнда саат 10:00дөн тартып башталат:

жашаган жери боюнча микроучастокто каттоосу жок балдарды, тандалган жалпы билим берүү уюмунуна бош орундар болгон учурда.

2026-2027-окуу жылына 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар биринчи класска кабыл алынат.

8 жаштан улуу балдар же баланын же ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлүнүн ким экендигин тастыктаган документтери жок балдар мектепке балдар иштери боюнча комиссиянын чечими менен кабыл алынат.

Жободо белгиленгендей, балдарды 1-класска кабыл алууда КР мыйзамдарына ылайык ар кандай окутуу сабактары боюнча балдардын билим деңгээлин аныктоого багытталган текшерүүлөрдү (тесттерди, экзамендерди, сынактарды, аңгемелешүүлөрдү) жүргүзүүгө тыюу салынат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар