Башкы беткеРубрикаларБилим берүүЭми окуучулар жашаган дареги боюнча гана кабыл алынат

Эми окуучулар жашаган дареги боюнча гана кабыл алынат

Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү мекемелерине окуучуларды каттоо тартибине 2026–2027-окуу жылынан тарта олуттуу өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025–2026-окуу жылында өлкөдө 12 жылдык билим берүү системасы этап-этабы менен киргизилип, 1- жана 2-класстарга кабыл алуу бир эле учурда жүргүзүлгөн. Бул жагдай борбор калаадагы айрым мектептерде окуучу орундардын тартыштыгын жаратууда.

Жаңы тартиптин негизги максаты — мектептердеги ашыкча жүктөмдү азайтуу. Бул үчүн зоналык микроучасток тартиби күчөтүлүп, окуучуларды каттоо эми ар бир мектепке бекитилген аймактын негизинде гана жүргүзүлөт.

Тиешелүү чечим Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин сунушунун негизинде кабыл алынып, калк жыш жайгашкан аймактардагы мектептерге жүктөмдү тең салмактуу бөлүштүрүүгө багытталган.

Ата-энелерге эскертүү: 2026–2027-окуу жылына карата балаңызды мектепке каттоодо жашаган дарегиңиз кайсы мектептин микроучастогуна таандык экенин алдын ала тактап алуу зарыл.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар