Башкы беткеРубрикаларБилим берүүБишкек мэри космонавт Салижан Шарипов менен жолукту

Бишкек мэри космонавт Салижан Шарипов менен жолукту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев эки жолу Кыргыз Республикасынын Баатыры жана Россия Федерациясынын Баатыры, космонавт Салижан Шарипов менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда шаар башчысы космонавттын жетишкендиктерин өзгөчө белгилеп, анын космос тармагына кошкон салымын жогору баалады.

Белгилей кетсек, мэр Айбек Джунушалиев Салижан Шариповго Бишкек мэриясынын атынан ысымдык кол саат белек кылды.

Маалымат үчүн: Салижан Шарипов алгачкы космостук учуусун 1998-жылы ишке ашырган. Экинчи жолу 2004–2005-жылдары учуп, Эл аралык космостук станцияда иштеп, ачык космоско да чыккан. Жалпы космосто болгон убактысы 201 күндү түзөт.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар