whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.03.2025
6.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаданият жана адабиятАдабиятКалемдештерин ар качан алга сүрөгөн эл жазуучусу

Калемдештерин ар качан алга сүрөгөн эл жазуучусу

… Шаарым. Бишкегим. Эл агымы токтобойт. Алардын арасынан издейм… Баары кадырлаган, орду толгус, биз үчүн улуу инсан Мелис байке оюмда. “Кап! Быйыл, 15-мартта 85 жашка чыкпайт беле?” – деп өкүнөм… Карайм, көчө толгон адамдардын арасынан издейм, учурата албай убараланам…

… Адамдар ар түрдүү болот. Атүгүл эгиздер да бири-бирине окшош боло бербейт. Адамдын калыптанышына көп нерсе түрткү болот турбайбы… Бир күнүн алтынга бергис жашоонун кымбаттыгын көп баамдай албайт экенбиз да…

“Биринчи көргөн учур – эч эстен кетпейт” деп айтылгандай, Мелис байке менен алгачкы ирет «Советтик Кыргызстан» – азыркы «Кыргыз Туусу» гезитинде кездешкен күн али көңүлдө. Ачык-айрымдыгы, эски таанышындай дароо кепке тарткандыгы, сүйлөгөн сөзү күлкү менен коштолуп, нурлуу жүзүнө төп келип турганы, ар кимге бирдей жылуу мамиле жасаганы азыр да эсте.

Канча деген мыкты-мыкты журналисттер, жазуучулугу менен таанылган калемгерлер иштеген өтө барктуу гезитте Мелис Абакировдун орду Өзгөчө экени ачык сезилип турчу. Жазган очерк, макалалары, фельетондору көркөмдүк жагынан айырмаланчу. өзгөчө, өтө кылдаттыкты, накта чыгармачылыкты талап кылган фельетон жазууда көрүнүп, редакция жыйындарында дайыма макталчу. Ушундан улам Мелис байкенин гезиттин көркөмдүк деңгээлин көтөрүүгө, чыгуу нускасынын 170-180 миңге жетишине кошкон салымы абдан сезилерликтей эле.

Ошо кезде, 1971–1979-жылдары биз сыймыктанган Мелис байке бул гезитте адабий кызматкер, өз кабарчы, жооптуу катчынын орун басары болуп иштеди. Чыгармачылык иште айырмаланып, сый-урматка бөлөнүп келди. Ушундай учурда, кадыр-баркы көтөрүлүп, гезит үчүн өтө керектүү калемгер болуп турган маалда Мелис байкенин башка кызматка кетиши көпчүлүк үчүн күтүүсүздөй сезилди. Кээси муну такыр эле туура көрүшпөдү.

Мелис байке болсо адабият чөйрөсүнө тезирээк аралашууну эңседи. «Кечигип жатам…» деп түшүндүрдү устатыбыз. Буга чейин дурус баага арзыган аңгемелерине улай жакшы-жакшы повесть, романдарды жазууну ойлоду. Чакырып жатышкан соң, адабиятка чындап киришүү үчүн Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкы редактору кызматына которулду. Анда иштей баштаганы өзү жөнүндө гана ойлобой, чыгармачылыгы үмүт арттырган курбуларын, жаштарды бул комитеттин «Адабият», «Мектеп» басмаларында иштеп калууларына камкордук көрдү. «Кечигип жатасыңар…» деп шаштырып, «Советтик Кыргызстандан» эң алды Анатай Өмүркановду, Бекбай Алыкуловду, кийин Көкүл Жамангуловду жана башкаларды мында иштөөгө чакырганы көпчүлүгүбүзгө белгилүү.

Жаңы кызматта Мелис Абакиров жакшы иши менен көрүндү. Чыгармачылык жагынан да өзүн көрсөттү. Адеп, 1982-жылы «Алмалуу бак», андан соң — 1990-жылы «Алчалуу төр» повесттери жарык көрдү. Калемгердин бул чыгармалары көркөмдүк деңгээли, окуялардын, адамдардын тагдырларынын чагылдырылышы боюнча мыкты баага ээ болду. Окурмандардын купулуна толду. Муну менен Мелис байке адабият чөйрөсүнө аралашууга шашылганы бекер жеринен болбогонун ачык далилдей алды.

Мындан соң көркөмдүк деңгээли бийик, кыргыз элинин өткөн кылымдагы жашоо-турмушу, тарыхы, элин жетектеп, жерин коргогон белгилүү инсандардын кулк-мүнөзү, жасаган иштери чагылдырылган «Көкөйкести» жана «Барымта» романдары басылып чыкты. Ушул мыкты романдары, мурдагы жана кийинки «Эрөөл», «Байтерек баяны» повесттери жана чет элдик көрүнүктүү жазуучулардын китептерин эң жакшы которуу менен Мелис Абакиров кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө эбегейсиз зор салым кошо алды.

Мелис байкенин дагы бир унутулгус зор эмгеги – өзү 1983-жылдан мүчөсү болгон чыгармачылык союздун ишин алдыга жылдыруу үчүн күч-аракетин аяган жок. Улуттук жазуучулар союзунун секретары болгондо да, кийин да көптөгөн иштердин бүткөрүлүшүнө жетишти. Айтор, улуу устатыбыздын ой-санаасы, жашоосу ар дайым Жазуучулар союзу менен өтө тыгыз байланышта болду.

Мыкты журналист, көркөм сөз чебери Мелис Абакиров эмгегине жараша сый-урматка бөлөнүп келди. Совет мезгилинде Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланса, өлкөбүз эгемендикке жеткен жылдары «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» жана «Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу» ардактуу наамдарына, жогорку сыйлык – «Манас» орденине татыктуу болду.

Биз, Мелис байке менен замандаш болгонубузга, бирге иштешип калганыбызга сыймыктанабыз. Ошондо  баамдаганым: Мелис Абакиров – таң каларлыктай жөнөкөй, абдан билимдүү, адабият, тарых, санжыраны өтө терең билген, ар нерсеге калыс мамиле жасаган, чындыктан кылча да тайбаган, түз сүйлөп, түз жүргөн, эч бир мактанбаган, өзүнө карата айтылган мактоо сөздөрдү көп жактыра бербеген, эмгекчилдиги менен тоо этегинде, суу боюнда жайгашкан дачасын, мөмөсү төгүлгөн алма – багын мыкты күтө билген, деги өрнөктүү жактары менен айырмаланган мыкты инсан эле. Улууларга, ар кимге жасаган сый мамилесин, агасы атактуу инсан Эмилбек Абакировду дайыма «Эмике», «Эмикем айтканда…» деп кастарлап келгенин көрүп, өзүнчө эле чоң таасир алчубуз. Досторун, классташтарын, курсташтарын, туугандарын ар ким Мелис байкедей чын пейилден сыйласа деген ойго кетпей койбойсуң. Ал эми жаштарга, шакирттерине жасаган мамилеси да өзгөчө эле. «Жакшы жүргүлө», «Көп окугула, жазгыла, көшөрө иштегиле», «өз бааңарды билгиле», «Төмөндөбөй, ар дайым ар-намыстуу, бийик болгула», – деген акыл-насаатын айтып, жан курбудай жаштар менен бирге жүргөндү жактырчу. Деги, улуу устатыбыздын өрнөктүү жактарын сезип, үлгү тутканыбыз биз үчүн чоң байлык болду.

“Жакшы адам сымбатынан жазбайт” деген баа байкеге карата айтылгандай туюлчу. Жашы өйдөлөсө да, жаш кезиндегидей ылдам, тың, шайдоот жүргөнү мектепте, кийин даңктуу Кыргыз мамлекеттик университетинен окуган мезгилде да эркин күрөш менен машыгып, нечен мелдештерде жеңишке жетип, сыйлыктарга ээ болуп келди. Ар дайым спортко күйөрман болуп, күрөшкө түшкөн жаштарды көрсө, “жамбашка сал”, “торой чал”, “так көтөрүп, артка ийиле чап” деп айтып, кызуу сүрөп тураар эле.

Мелис байке үчүн – Бегимжан эже кымбат жана сүйүктүү жар болсо, балдары жашоодогу жарык нур, жагымдуу маанай тартуусу болуп калды.

Өзгөчө адамкерчилик касиеттери, эң мыкты калемгерлиги, таасын таланты менен таанылган, Кыргызстандын китеп басма ишине көп жылдык үзүрлүү эмгегин арнаган Мелис Абакиров өзүнүн 85 жылдыгына бир аз жетпей биздин арабыздан кеткени абдан өкүнтөт… Ошондон эки жума мурда бирге болдук эле. Мелис байке баягысындай, кадимкисиндей ар бирибизге сый мамиле жасап, жакшы сөздөрүн айтып, чогуу болууну самагандай, кадырлаша түбөлүк бирге өмүр сүргөн Бегимжанынын үйдө күтүп жатканын сезгендей, бир чети биздин жаныбыздан кеткиси келбегендей, жүзү дегеле нурлуу да, сүйкүм да көрүндү…

Табиятынан тирикарак, дилгир, адамкерчиликтүү, сезимтал, кымбат өмүрдү майда ишке коротпой, баалай билген, өтө билимдүү жана таланттуу болсо да, аны пайдалана билбегендерди түшүнө албаган, жаны ачыша дайыма эскертип айтып келген, чыгармачыл жаштарды, калемдештерин ар качан алга сүрөгөн, океандай чалкыган көркөм сөз дөөлөттөрүн элине тартуу катары калтырып кеткен, Эл жазуучусу Мелис Абакировдун жаркын элесин, адабиятка жана кыргыз журналистикасына кошкон баа жеткис салымын биз – кесиптештери, калемдештери жана замандаштары эч унутпайбыз. Анын, кыргыздын көрүнүктүү калемгер-сүрөткөрүнүн атын өзү жашап, көптөгөн сонун чыгармаларды жазган борбор шаардагы көчөгө жана көптөгөн
шаар китепканаларынын бирине ыйгаруу туура болоор эле… Ошондой эле, мыкты эмгеги жана чыгармачылыгы менен жердештерин, элин кубантып келген Эл жазуучусунун ысымын түбөлүккө калтыруу иштерин өзү туулуп-өскөн, он жылдыкты бүтүргөн Чүй районунда жашаган улуу-кичүү, тиешелүү мекемелер көңүлдөн сырт
калтырбас…

…Убакыт учкан куштай тез өтүп жатат. Бизге көрүнүктүү жазуучу Мелис Абакиров жетишпей жаткандай сезилет. Бул – чоң сүрөткөрдүн орду биздин коомдо ченемсиз зор болгонун, анын өлбөстүгүн, жазып калтырган көркөм чыгармалары дайыма окула берерин, мыкты очерк, фельетондору, аңгеме, повесть, романдары жогорку окуу жайларынын журналистика жана филология факультеттеринин студенттерине чеберчилик боюнча окуу материалы катары окутула турганын, улууларга тая-ныч болгудай инисиндей, кичүүлөргө жөлөк болчу агасындай мамиле жасаганын,  адам деген атка  татыктуу боло алгандыгын эстеп, жагымдуу мүнөз – сапаты, элеси ойдон кетпей турганын сезип, бир аз жеңилдегендей болобуз. Өзү түбөлүк орун тапкан жайына коюлган, эң алды татыктуу жар, акылкөй түгөй Бегимжан эженин демилге-аракети менен бүткөрүлгөн, эле – турпаты дал өзүндөй  чагылдырылган эстелигин көргөндө, өмүрү өрнөк инсаныбыз жаныбызда тургандай, дайым тирүүдөй сезилет.

Ооба, жакшы адамдар, улуу инсандар эч унутулбайт…

Курманбек РАМАТОВ,
Журналисттер союзунун төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар