Башкы беткеМаанилүүМосквада сабалган мигранттар арыз жазуудан баш тартты

Москвада сабалган мигранттар арыз жазуудан баш тартты

Эмгек министрлиги Москвада сабалган мигранттар арыз жазуудан баш тартканын билдирди.

Орусиянын укук коргоо органдарынын рейд учурунда мончо комплексинде сабалган кыргызстандыктар менен жолугушуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү билдирди.

«Кыргызстандыктардан арыз жазууну суранышкан, бирок алар баш тартышкан. Өкүлчүлүк юридикалык жактан колдоо көрсөтөт»,

— деп белгилешти ведомстводон.

Азыр камактагы 24 адамдын 22 кыргызстандык бошотулду. Калган эки кармалган адамды бошотуу иштери жүрүп жатат.

«Ошол эле учурда өкүлчүлүк Россиянын Башкы прокуратурасына, укук коргоо органдарына, анын ичинде Россиянын Ички иштер министрлигине, Москва шаардык прокуратурасына, Россиядагы адам укуктары боюнча комиссарына жана башкаларга тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кат жөнөткөн»

, — деп айтылат маалыматта.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар