Мистикалык реализм деп коет, живопись өнөрүндөгү мистикалык реализм тууралуу алгач жолу немец искусство таануучусу Франц Рох жазса, бул адабий термин 1931-жылы француз сынчысы Эдмон Жалу тарабынан сунуш кылынып, ал «Магиялык реализмдин ролу реалдуулуктан кандайдыр бир табышмактуулукту, лирикалуулукту жана жадагалса фантастикалуулуктуу табууда турат, бул элементтер күнүмдүк турмушту жеткиликтүү поэтикалуу, сюрреалисттүү, символикалуу кылып берет» деп жазат.
Кийинчерээк бул терминди венесуэалык Артуро Услар-Петри латын-америкалык жазуучулар тууралуу жазганында колдонгон.
Ошентип, мистикалык реализм кечээ же бүгүн эле пайда боло калган эмес. Анын өзөгү элдик оозеки чыгармачылыкта жатат. Элдик жомоктор “бар экен, жок экен” деп башталып, бактылуу турмуш менен аяктап, ортодо не бир укмуш ойго келгис, түшкө киргис окуялар баяндалат. Жомокторго же ишенериңди же ишенбесиңди билбейсиң. Биз эле эмес, дүйнө элдеринин фольклордук мурасын алып карасак, бүт баары мистикалык болмуштарга сугарылган. Бирок, биз өз адабий тамырыбыздан алыстап кеткен себептүү мистикалык реализм бизге дүйнөлүк адабияттын классикалык үлгүлөрү аркылуу келип жетти.
Акыркы жүз жылдагы улуттук адабиятыбыздын тарыхына көз чаптырсак, мифтик окуялар жазуучуларыбыздын көркөм чыгармаларында арбын эле пайдаланылган. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында миф кеңири жана бүкүлү бойдон колдонулат.
Сөздү алыстан баштап, мистикалык реализм тууралуу кеп кылып жатканыбыз бекеринен эмес. Жазуучу Арслан Кой-чиевдин «Бакшы менен Чынгыз хан» романы да мистикалык реализмдин духуна сугарылган. Бул адабий көркөм ыкманын артыкчылыгы автордун айтайын деген оюн подтексттер менен каймана айтууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берип, чыгарманын эстетикалык баалуулугун арттырганында эмеспи. Ушул өңүттөн алганда, А.Койчиев мистикалык реализмдин элементтерин тандап алууда жаңылган эмес жана ал муну менен өзүнүн кара сөз чебери катары жетилип, бышып калганын, текст менен да, образдар менен да кылдат иштеше ала тургандыгын, мифтик реализмге мүнөздүү купуялуулук жана табышмактуулук менен чыныгы реалисттик турмушту табигый айкалыштырып, жуурулуштура ала турганын тастыктай алган.
«Бакшы менен Чынгыз хан» романы жарыша кеткен эки сюжеттик линияга ээ. Бири – Чынгыз хандын көзү өткөндөн кийин анын урпактарынын бирин бири тукум курут кыла кырган тарыхый окуяларга негизделген мистикалык сюжет, экинчиси – советтик идеологиянын ичип-чирип бүткөн мезгилин, кулай турган убагы жакындап калганын чагылдырган, өткөн кылымдын соңундагы тарыхый окуяларды баяндаган сюжет. Мына ушул болмуш менен чындык жуурулушуп, жанаша жарышкан кош сюжет логикалык жактан ырааттуу, так жана тыкан куралган да, чыгарманын идеялык-тематикалык өзөгүнө жаңы түс, жаңы өң берген. Романдын биз үчүн жаңылыгы да, табылгасы да, ийгилиги да мына ушунда.
Нары жагы 14-кылым, бери жагы өткөн кылымды баяндап, тарыхы да бар, болмушу да бар, өтмүшү да бар дүйнөнү алаканына сала сүрөттөө менен, адам баласынын бүгүнкүсүнө караганда да, эртеңки турмушу кандай болоор экен деп сереп салган “Бакшы менен Чынгыз ханга” улуттук чен өлчөмдөн, улуттук кызыкчылыктардын деңгээлинен баа бергенибиз кандай болуп калаар экен?!! Анан калса Арслан Койчиевдин романы кыргыз тилинде оболу кыргыз окурмандарына арналып жазылган менен, автор «…романдын баш каарманы казак, чыңгызиддердин тукумунан. Дагы башка каармандарым: моңголдор, өзбектер. Кыргызга орун табылбай калды бул романда» – деп өзү моюнга алгандай, чыгармадагы каармандардын дээрлик баары башка улуттардын өкүлү.
Жер бетинен тилдер гана эмес, бүтүндөй элдер кыйсыпыр жок болуп, атүгүл мамлекеттер да урандыга айланып, жок болуу коркунучунда калган ааламдашкан заманда жазуучу Арслан Койчиевдин Чынгыз хандын тарыхына кайрылганы мыйзам ченемдүү нерсе. Тема кынтыксыз тандалып алынган. Себеби, Чынгыз хан жарым дүйнөнү басып алып, ага жалгыз ээлик кылган, күн чыгыштан күн батышка созулган улуу империяны курган инсан. Чыгарманын мына ошол мистикалык сюжетине тең салмак кылынып, жер бетинде болгону 70 жыл жашаган, кезегинде учу-кыйры көз жеткис мейкиндикти ээлеп жаткан эсил кайран СССРдин эси жок идеологиясы таразага коюлганы да автордун табылгасы экени талашсыз.
Анан алардын акыры эмне менен аяктады? Анан бүтүндөй дүйнөнү басып алган Чынгыз хандын урпактарынын тагдыры өтө трагедиялуу аяктаган. Бир атанын тукуму, болгондо даңазалуу хандын урпагы мезгилдин бир сапырыктарында жылкы теппей, жылан чакпай, бири-бирине «өчмөндүү» келип, бирин бири кан кустуруп, бирин бири кырып жоюп отурган. Аларда “биз бир атанын урпактары элек, бири-бирибизге канат-бутак болсок эмне?” деген изги ой жашабайт. Бул кандуу аякталыш чыгарманын мистикалык сюжетинин өзөгүн түзөт.
СССР да тап күрөшү деген ураанга, социалисттик идеологияга жамынып, “адам адамга дос жана бир тууган” коммунисттик улуу гуманисттик идеяларды унуткарып, улуттун каймагы делген далай улуу адамдарды социализмдин жеңиштеринин урматына курмандыкка чалган. Романдагы экинчи бир сюжеттик линия мына ушул кечээги тарыхка арналуу.
Эски жана жаңы тарыхтын кандуу жолу, кандуу барактары эмне менен аяктады? Натыйжада, Чынгыз хан курган империя да, СССР империясы да жок болду.
Адамзаттын тарыхы – согуштардын, жаңжалдардын, кандуу кагылыштардын тарыхы. Жазуучу Арслан Койчиев муну кесиби тарыхчы катары жакшы билет жана ал андай кандуу кагылыштарды айыптайт. Адамдын каны менен келген жеңиш, адам сөөктөрүнүн үстүнө курулган империя, талкаланган тагдырлардан куралган үй-бүлө, адамдын көз жашы менен келген бакыт эч качан түбөлүктүү болбойт.
Романда Чынгыз хандын укум-тукумуна же бир эле улутка гана тиешелүү эмес, жалпы адамзатына тиешелүү так талаш, таасир талашуу маселеси, анын кыйраткыч күчү өңдүү олуттуу көйгөй козголуп жатат. Жогоруда айтып кеткенибиздей, тилдер гана эмес, бүтүндөй элдер, атүгүл мамлекеттер жер бетинен жок болуу коркунучуна кептелди. Адам баласы бири-бирин кырып-жоюп, гүлдөп турган шаарларды тамтыракайын чыгарып бомбалап жатат. Мунун аягы эч качан жакшылык менен аяктабайт, акыры бир күн жамандык менен бүтөт. Бу дүйнөгө эч ким түркүк болгон эмес. А.Койчиев дүйнөнүн жарымын басып алган Чынгыз хандын урпактарынын тарыхы, трагедиялуу аяктаган тагдыры аркылуу, эсил кайран СССРдин тагдыры аркылуу адамзатына кайрылып: «Качан адам баласы так талашканды, таасир талашканды токтотот. Качанкыга чейин адам баласы бири-бирин кыра берет. Эмне үчүн жаратмандык иштердин эмес, кыйратмандык иштердин доорону жүрөт. Ошол кесепеттерден улам, адам баласы каргышка калганын, акыл-эстүү туруп, маңкуртка айланганын качан түшүнөт?» деген ойду айткысы келгендей. Бул биздин көз караш. Мүмкүн автор өз чыгармасында таптакыр эле башка ойду айткысы келгендир. Андыктан, биз өз көз карашыбызды эч кимге таңуулагыбыз келбейт.
Каргыш демекчи, тарыхый окуяларга негизделген мистикалык сюжеттин мына ошол символикалуу ой, сырлуу идеянын бир учу, жазуучунун Чынгыз хандын образына кайрылганынын дагы бир сыры – каргыш менен байланышкан. Каргыш – бул философиялык категория эмес. Ал мистикалык түшүнүк, каргыш тууралуу Библияда да, Куранда да айтылат.
Чынгыз хан тууралуу жалпы окурмандарда азбы-көппү маалыматтар болгону менен, анын урпактарынын бири-бирин тукум курут кыла кырганы жөнүндө баарыбыз эле биле бербейт элек. Жазуучу ошол окуяны чыгармада ыктуу пайдаланган да, мистикалык реализмдин тили менен окурманга жеткиликтүү жана түшүнүктүү бере алган.
Чынгыз хандын тукумунун трагедиясы эмнеде? Алар тарыхый эс тутумун жоготуп алышкан. Тарыхтын ал болмушу романдын мистикалык сюжетине негиз болуу менен, жазуучунун элегинен өтүп синтезделген, ага бүгүнкү күндүн көз карашынан баа берилген. Бирок, анда “Манастагыдай” “жарымы төгүн, жарымы чын” дегендей жарты чындык эмес, бүтүн чындык айтылат.
Мен мурда кайсы бир сын макаламда жазуучу Арслан Койчиевдин чыгармачылыгына жалпы мүнөздөмө берип жатып, аны батыш жана чыгыш окурмандары бирдей кабыл алат деген пикирди айткан элем. Азыр ойлосом, батыш окурманыбы же чыгыш окурманыбы, Арслан Койчиевди түшүнүү үчүн тарыхты билбей, мистикалык реализм тууралуу маалыматы болбой, жазуучуну кабыл алышы кыйынбы, – деп ойлоп калдым.
“Бакшы менен Чынгыз хандын” тили жатыктыгы, автордун сөз байлыгы дароо көзгө урунат. Каармандардын образын ачууда сөз менен иштеше билгени көрүнөт, кээде подтексттеги ойду окурманга жеткиликтүү айтуу үчүн улам кайталап, улам басым жасаган жерлери арбын.
Мында чыгармада аты аталбаган бир каарман бар. Анын өзү жок болсо да, Чынгыз хандын тарыхын билген окурмандын көз алдында ал каармандын элеси кетпей туруп алат. Ал – Бектер, Чынгыз хандын аталаш бир тууганы. Атасынын көзү өткөн соң, Чынгыз хан аны өз колу менен өлтүрүп салган. А.Койчиев Бектерди сөзсүз эстеди, кантип эстебей койсун. Анда эмне үчүн ал эпизодду чыгармага кошкон эмес?!! Мен ушул суроого жооп таба алган жокмун. Балким, ошол эпизодду чыгарманын сюжетине ыктуу кошуп, Чынгыз хандын тукуму бири-бирин кырып жаткан жерлерде, Чынгыз хан ошол окуяны эстеп, улам эстеген сайын кирерге жер табылбай калгандай абалда калганын сүрөттөп бергенде, романдын идея-тематикалык линиясы окурманга дагы да жеткиликтүү болор беле дегендей ой жаралат.
Арслан Койчиев «Бакшы менен Чынгыз хан» аттуу роман жазды деген маалыматты окуганда, чыгарманын сюжетин да, идеялык-тематикалык өзөгүн да башкача элестеткем. Жазуучу тарыхка башкача өңүттөн кайрылган экен. Бир караганда, Чынгыз хандын урпактарынын трагедиялуу аякталышы көлөмдүү аңгемеге батчудай эле окуя. Кечээги тарыхтан алынган баян деле бир аңгемеге сыйчудай окуя. Ал эми ошол эки аңгемелик окуяны эпикалык чыгармага айлантуу үчүн, айлантып эле тим болбой, жалпы адамзаттык ой айтуу үчүн канчалык чеберчилик, канчалык талант керек экенин элестете бериңиз.
Мунун өзү А.Койчиев жазуучу катары бышып, баралына келип калганын, андан дүйнөлүк адабияттын шедеврине айланчу чыгарма күтсө болорунан тастыктайт.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”