Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыИзраилдин Иранга чабуулунан кийин мунай жана алтындын баасы өстү

Израилдин Иранга чабуулунан кийин мунай жана алтындын баасы өстү

Investing.com маалыматына ылайык, Израилдин Иранга кол салуусунан кийин мунайдын баасы кескин жогорулады.

Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы 6 пайыздан ашуунга (6,29 доллар) кымбаттап, баррелине 73,65 долларга жетти. Ал эми West Texas Intermediate (WTI) мунайынын баасы 6,43 долларга жогорулап, баррели 74,47 долларды түздү. Бул дээрлик 10 пайыздык өсүш болуп саналат.

Ошондой эле, алтындын баасы да 1,8 пайызга кымбаттап, бир трой унциясы 3 444 долларга чыкты.

Чет элдик маалымат каражаттары билдиргендей, геосаясий чыңалуунун шартында америкалык жана азиялык фондулук индекстер төмөндөй баштады.

Белгилей кетсек, 13-июнга караган түнү Израил Иранга чабуул койгон. Тегеранда бир нече жарылуу болгондугу кабарланды. Бишкек убактысы боюнча саат 6:00гө карата Израилдин армиясы Ирандагы аскердик объектилерге сокку уруунун биринчи баскычы аяктаганын жарыялады.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар