Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыАКШ менен Израил Иранга каршы аскерий операция баштап, Иран ага жооп берди

АКШ менен Израил Иранга каршы аскерий операция баштап, Иран ага жооп берди

АКШ жана Израиль Иранга каршы аскерий операция баштаганын билдиришти.

Иран жооп катары Израил аймагына, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы бир катар мамлекеттердеги объектилерге сокку урду. Маалыматтарга ылайык, чабуулдар Бахрейн, Катар, Кувейт, Иордания, Бириккен Араб Эмирликтери жана Сауд Арабиясы аймактарындагы буталарга багытталган.

Жаңыртуу

Иран Кызыл жарым коому америка-израилдик соккулардын натыйжасында 200дөн ашуун адам каза болуп, 750гө жакыны жаракат алганын билдирди. Уюмдун маалыматына ылайык, соккулар өлкөнүн 31 провинциясынын 24үнө тийген.

Ошол эле учурда ирандык IRNA агенттиги Израилдин өлкөнүн түштүгүндөгү Минаб шаарындагы кыздар мектебине жасаган соккусунан 85 адам каза болгонун, 90дон ашуун киши жаракат алганын кабарлады. Бул маалыматтар азырынча көз карандысыз булактар тарабынан ырастала элек.

Буга чейин ишемби күнү Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңеши тургундарды убактылуу борбор шаардан жана башка ири шаарлардан чыгып кетүүгө чакырган.

Америка-Израилдин чабуулуна жооп катары Иран бир катар Американын аскердик базаларына сокку урду.

 

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар