БУУнун Коопсуздук Кеңешинде АКШ жана Израилдин Иранга жасаган чабуулдары талкууланды

1-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун БУУнун Коопсуздук Кеңеши чукул жыйынын өткөрүп, АКШ жана Израилдин Иранга каршы аскердик аракеттери боюнча кескин билдирүүлөр айтылды.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын мындан ары курчушу мүмкүн экенине тынчсыздануусун билдирип, тараптарды дароо ок атышууну токтотууга жана чыңалууну басаңдатууга чакырды. Ал жарандык калкты коргоо биринчи орунда болушу керектигин баса белгиледи.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Майк Уолтц аскердик аракеттерди актап, ар бир суверендүү мамлекет өз элин коргоого милдеттүү экенин айтты. Анын айтымында, АКШ зарыл болгон учурда БУУнун алкагында да активдүү рол ойнойт.

Израилдин БУУдагы өкүлү Дани Данон операцияны “зарыл чара” деп атап, аны өлкөнүн коопсуздугун камсыздоого багытталган кадам катары мүнөздөдү.

Өз кезегинде Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани күч колдонуу аркылуу башка мамлекеттин саясий келечегине таасир этүүгө жол берилбеши керектигин билдирди.

Россиянын өкүлү Василий Небензя АКШ менен Израилдин аракеттерин “дипломатияга чыккынчылык” деп атап, аларды кескин сынга алды.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар ортосунда олуттуу пикир келишпестиктер байкалып, кырдаалдын мындан аркы өнүгүшү эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда калууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз