Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттары аймагында жүргөн мекендештерди коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды.
Министрлик жарандарды дүрбөлөңгө алдырбоого жана расмий маалымат булактарына гана ишенүүгө үндөйт. Такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырык жасалды.
Ошондой эле БАЭ бийлигинин чечими менен каттамдар убактылуу токтотулгандыгына байланыштуу кыргыз жарандары мейманканаларда кошумча акы төлөбөстөн жайгаштырылары жана аларды өлкөдөн чыгарып жибербөө тууралуу чечим кабыл алынганы белгиленди.
Мекендештерге туроператорлор, авиакомпаниялар жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен туруктуу байланышта болуу сунушталат.
Эгерде абадан коргонуу сигналы же өзгөчө кырдаал жарыяланса, укук коргоо органдарынын жана мейманкана кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так аткаруу зарыл.
Учурда БАЭде “жабык асман” режими киргизилгендиктен, жер аркылуу же үчүнчү өлкөлөр аркылуу чыгуу жолдорун өтө зарыл болгон учурда гана кароо сунушталат.
Кыргыз жарандары тууралуу актуалдуу маалыматтарды топтоо үчүн төмөнкү байланыш номерлери иштеп жатат:
- КРнын БАЭдеги элчилиги: +971 52 225 5269
- КРнын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу: +971 52 291 8840
- КР ТИМдин Консулдук департаменти: +996 999 312 002

