Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы журналисттер үчүн пресс-тур өткөрдү. Анда аталган кызматтын жасап жаткан иштери тууралуу кеңири маалымат берилди.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын маалыматына ылайык, атайын аналитикалык борбордо социалдык тармактардагы жарнамаларга мониторинг жүргүзүлүп турат. Ал жер толугу менен заманбап техникалар менен жабдылган.
Аналитикалык борбордун директору Марсел Дооталиев Россиядан “Антинар” аталышындагы программаны апрель айында алышканын айтты. “Бул программа аркылуу өлкөдөгү баңгизаттын абалын көзөмөлдөп турабыз. Башка мамлекеттик органдар дагы аталган программага кошулган, алар дагы өздөрүнүн маалыматы менен бөлүшүп турушат”, – деди ал.
Дооталиев жыл башынан бери 514 баңгизатка байланыштуу кылмыш аныкталганын, 426 адам шектүү катары кармалганын кошумчалады.
“Ушул жылдын 6 айында 514 баңги кылмыш иши катталып, 3 тонна, 570 кг, 706 гр. өлчөмүндө баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынды. Бул кылмыштарга байланыштуу 426 жаран кармалса, алардын ичинен 7 жашы жете электер, 16 чет өлкөлүк жарандар болгон”, – деди Дооталиев.
Пресс-турдун жүрүшүндө социалдык түйүндөр аркылуу баңгизатын сатуу боюнча 56 кылмыш иши козголуп, 15 кг 399 гр баңгизаты алынып, 67 киши жоопко тартылганы, анын жетөө жашы жете электер экени айтылды. Жалпы баңгизат саткан 46 интернет дүкөн аныкталып, анын 43ү бөгөттөлгөн.
Баңгизатын мыйзамсыз колдонууда укук коргоо органдарынын дагы тиешеси бар экени айтылды. Мисалы, УКМКнын 1 кызматкери 271 гр психотроптук заттар, ӨКМдин 2 кызматкери 250 гр психотроптук заттар, ИИМдин Күзөт кызматынын 1 кызматкери 54 гр марихуана, 1 гр каннабистин экстраты менен кармалган.
Аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилген соң, журналисттерге учкучсуз учуучу аппараттар тууралуу маалымат берилди.
Дрондор баң-гизаттарды издөөдө колдонулат жана 45 мүнөт учууга ыңгайлашкан. Акыркы 6 айда 120 жолу учуу ишке ашып, 22 кылмыштын бети ачылган.
“Дрондор күн-дүзү эле эмес, кечинде дагы учат. Бул кылмыштын бетин ачууга жакшы салым кошот”, – деди учкучсуз учуучу аппараттар менен иштөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлү Ильгиз Ырыспаев. Ал бир дрон эмне иш аткара турганын кеңири түшүндүрүп берди.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кинологдору да маалымат берип, иттер баңгизаттарды кантип таба турганын журналисттерге көрсөтүп беришти. Анда 5-6 баштык коюп, алардын бирине баңгизатты жашырды. Ит келип кайсы баштыкта баңгизат бар экенин адашпай тапты. Кийин баңгизатты журналисттердин би-ринин чөнтөгүнө салышты. Ит көп-чүлүктүн арасынан баңгизатты катып алган журналистти дароо тапты. Кийин кылмышкерди кармоо операциясы көрсөтүлүп, атайын форма кийген кызматкер унаада отурду. Кызматтык ит унаага кирип барып аны тиштеп токтотту.
“Бүгүнкү күндө кинология борборунун балансында 55 ит бар. Алар үчүн атайын тамактар каралып, бир ит күнүнө 600 грамм тамак жейт. Ал эми кышында бул 200 граммга көбөйүп, 800 граммды түзөт. Биз күчүктөрдү 6 айынан баштап үйрөтөбүз, ал үчүн биздин өзүбүздүн атайын адистерибиз бар. Биздин иттер 57 чакырууга чыгып, анын ичинен 46 жолу баңгизат табылган”, – деди кинология борборунун директорунун орун басары Данияр Маратов.
Андан кийин журналисттерге спорт зал жана атайын ок атып машыгуучу жай көрсөтүлдү. Ар бир кызматкерге бир жылга 100 ок бөлүнүп, алар дээрлик ай сайын тир атып машыгып турушат. Андан сырткары полигондо автомат атып машыгууга дагы чыгып турушат.
Баңгизаттарды саткандар дагы жаңы техникаларды колдонуп, акчанын ордун биткойндарга алмаштырып жатышат. Демек, онлайн акча жүгүртүүнү да катуу көзөмөлгө алуу заман талабы.
Баңгизат көбүнчө чек ара аркылуу бизден транзит болуп мыйзамсыз өтөт. Мындан улам мамлекет башчылары чек арага өзгөчө көңүл буруп жатышы эң туура көрүнүш.
Кошуналарда абал кандай?
Ачык булактарга таянсак, Казакстанда өткөн жылы 135 лабораториянын ишмердүүлүгү токтотулуп, 4000 адам жоопкерчиликке тартылган. Бул өлкөдө бир жыл ичинде 22 тонна баңгизат алынган.
Ал эми Өзбекстанда 2138 кг баңгизат кармалган. Бул цифра 2025-жылдын 6 айында кес-кин өсүп, 1890 кг баңгизат алын-
ган. Өзбекстандын бийлиги баңги-заттарды мыйзамсыз жүгүрткөн-дөргө катаал чараларды колдонот.
Тажикстанда болсо, 2024-жылы 5,2 тонна баңгизат алынган. Кошуна өлкөдө 2024-жылы 4160 киши баңгизатка көз каранды жаран катары каттоого турган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 5 пайызга көп.
Ошол эле учурда Кыргызстанда 15 тоннадан көбүрөөк баңгизат алынган. 1163 баңги кылмышы катталып, 17 жашы жете элек, 17 чет өлкөнүн жараны кармалган.
Кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу баңгизаттын көп кармалышы өлкөдө бул багытта мындан да тартипти күчөтүү зарылдыгын билдирип турат.
Узак убакытка чейин учууга мүмкүнчүлүгү бар дрондорду сатып алып, асмандан көзөмөлдү күчөтүү абзел.

Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”

