Ош шаарында жаңы гул базары иштеп жатат. Базар Ош улуттук драма театрынын жанында жайгашып, кечээ пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, гүл базары заманбап талаптарга жооп берген форматта курулуп, айнек конструкциялар менен жабдылган. Соодагерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, соода жүргүзүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр каралган.
Эске салсак, буга чейин шаар мэри Жеңишбек Токторбаев рейддик кыдыруу маалында Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан гүл саткан дүкөндөрдү жаңы базарга көчүрүү боюнча тапшырма берген. Мурда кароосуз калып, таштандыга толгон бул аймак учурда толугу менен өзгөрүп, шаардын көркүн жакшырткан заманбап жайга айланды.


