Башкы беткеЖогорку КеңешМайыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу маселеси каралды

Майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу маселеси каралды

Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ишкерлер, муниципалдык жана мамлекеттик ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушуп, майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу маселесин талкуулады. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда эл өкүлү кызматкерлердин санына жараша ишканалар белгилүү сандагы майыптарды жумушка орноштурушу керектигин айткан. Анын айтымында, ишканада кызматкерлердин саны 25тен 49га чейин болсо, 1 майып, 50дөн 74кө чейин — 2 майып, 100дөн 124кө чейин — 4 майып жумушка алынууга тийиш.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова Кыргызстанда жумушка орноштуруу үчүн атайын сайт бар экенин, анда иш берүүчүлөр майыптардын арасынан квалификациялуу кызматкерлерди таба аларын билдирген.

Ал эми майыптыгы бар адамдарды ишке орноштурууда тажрыйбага ээ ишканалар өз тажрыйбасы жана сунуштары менен бөлүшүшкөн.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар