Башкы беткеМаанилүүЮстиция министрлигине 25 жаңы кызматтык унаа тапшырылды

Юстиция министрлигине 25 жаңы кызматтык унаа тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине 25 жаңы кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, унаалардын ачкычын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тапшырды. Ал өз сөзүндө юристтердин мыйзамдуулукту камсыз кылууда негизги роль ойногонун белгилеп, заманбап рынок экономикасында мыйзамдар жана келишимдердин өнүгүүнүн маанилүү фактору экенин билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасы юристтер менен сыймыктанарын кошумчалады.

Адылбек Касымалиев ошондой эле Юстиция министрлигинин мыйзамдарды системалаштыруу жана жаңылоо, мамлекеттик процесстерди санариптештирүү, бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартуу жаатындагы ишин жогору баалады. Атап айтканда, электрондук нотариустарды, электрондук апостиль коюуну, юридикалык жактарды онлайн каттоону жана электрондук көзөмөлдү ишке киргизүү мамлекеттик кызматтарды ачык-айкын жана жарандар үчүн ыңгайлуу кылганы белгиленди.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар