Башкы беткеРубрикаларМаданият жана адабиятКыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов көз жумду

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов көз жумду

Кыргыз эл жазуучусу, публицист жана коомдук ишмер Кеңеш Жусупов 89 жаш курагында дүйнө салды.

Кеңеш Жусупов 1937-жылы 14-апрелде Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Он-Арча айыл өкмөтүндөгү Эчки-Башы айылында төрөлгөн. Ал кыргыз адабиятына чоң салым кошкон заманбап жазуучулардын бири катары белгилүү.

Жусупов көп жылдар бою публицистика жана көркөм адабият тармагында эмгектенип, окурмандар арасында кеңири таанылган чыгармаларды жараткан. Анын эмгектери улуттук баалуулуктарды, тарыхты жана адам тагдырын терең чагылдырганы менен айырмаланып келген.

Адабияттагы жана коомдук турмуштагы эмгеги үчүн ал бир катар жогорку мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Анын ичинде Экинчи даражадагы «Манас» ордени (2016) жана «Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры» жогорку наамы (2024) бар.

Кеңеш Жусупов кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон залкар калемгерлердин бири катары эсте калат.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар