А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп болгону талашсыз. Анткени, ушул газетада подчидчик кызматтан жооптуу катчылыкка чейин жеткен. Ал кезде жооптуу катчылык түмөн түйшүктүү иш эмес беле.
Кол менен макет чийилчү. Гезит бетине жарыялануучу түрдүү жанрдагы бардык материалдардын ордун таап жайгаштыруу, типографиядагы коргошун ариптери менен терилип бүткөндөн кийин аны карап, бир сыйра текшерип көрүү сыяктуу азыркылардын үч уктаса түшүнө кирбеген иш процесстери жооптуу катчынын мойнунда болчу. Мына ушул түйшүктүн баарын ал “Ленинчил жаш” газетасында жети жылдан ашуун мезгил тартты.
Мындан сырткары, Абдиламит Матисаковдун ошол учурда жазган публицистикалык материалдарына аңгемелеринен кем эмес астейдил мамиле жасагандыгын белгилеп кетсек болот. Анткени анын “Ленинчил жаш” газетасына жарыяланган “Жаннат эне”, “Бешик жана жарты нан”, “Таразачы”, “Кайдасың, кагылайын кайрымдуулук!”, “Чайкана”, “Токторбай, Күкү жана он бала”, “Момун чал” аттуу көркөм аналитикалык макалаларын окурмандар үзүлө түшүп окушчу. Себеби, бул макалалар окурмандар, журналисттер чөйрөсүндө жылуу пикирлерди жаратканына өзүм күбө болгомун.
Ошентип, Абдиламит Матисаков чыгармачылыгы баралына жетип турган учурда кыргыз басма сөзүнүн флагманы – “Кыргыз Туусу” газетасына каттар бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна чакырылган. Бул гезитте иштеп жүргөндө ал бир журналист бир газетага “погода” түзө алат деген пикирдин чындык экенин көрсөтө алды. Себеби, Абдиламит Матисаков каттар менен иштөөнүн жаңы стилин көрсөттү жана “Күзгү”, “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй”, “Ак журтчу аман – журт аман”, “Далысы жерге тийбеген Тапанча палвандын таржымалы” сыяктуу ар бири өз өзүнчө изилдөөнү талап кылган атактуу публицистикалык чыгармаларын “Кыргыз Туусу” газетасында иштеп жүргөндө жазып, жарыялаган. Бир жолу мага жолугуп, ушул чыгармаларымды СССР журналисттер союзунун конкурсуна катыштырууга Москвага жөнөтүп жатамын, — деди. Ошондо: “Сен бул конкурстун жеңүүчүсү болосуң”-деп, ишенимдүү айткам. Чын эле ошол жылдын май айында Москвадан “А.Матисаков СССР журналисттер союзунун лауреаты болду” деген сүйүнүчтүү кабар келди.
Мен жогоруда Абдиламит Матисаковдун чыгармачылык жолуна токтолуп өткөнүмдүн себеби, анын “Кыргыз Туусу” газетасынын башкы редактору болуп келишинин канчалык деңгээлде мыйзам ченемдүү экендигин айткым келди. Анын чыгармачылык жана турмуштук жактан баралына келип турганы “Кыргыз Туусу” газетасына башкы редактор болуп дайындалып, буйдалбай иштеп кетишине өбөлгө болду. Менимче Абдиламит Матисаков “Кыргыз Туусуна” экинчи жолу башкы редактор болуп келгенде биринчи кезекте гезитти таптакыр жаңыча чыгарууну алдына максат кылып алса керек. Ал үчүн заманга, кырдаалга жараша иш алып баруу керек болчу. Анткени, советтик мезгилде каржылоо жагынан редактордун, гезиттин кызматкерлеринин санаасы тынч болуп келген болсо, рынок экономикасынын шартында каржылоо маселеси редакциянын өзүнүн мойнуна жүктөлүп калган болчу. Мына ушундай кырдаалда редактор А.Матисаков гезит сапаттуу, мазмундуу чыгып турса, анын каржы маселеси да чечилээрин алдын ала түшүнгөн. Мына ушуга жетишүү үчүн ал редактор болуп келген биринчи жылдарда ишке баш-оту менен киришип, кабинетинин жарыгы түнкү саат 1-2лерге чейин өчпөй жүрдү. Секретариатта иштеген үч бакандай журналисттер Назарбек Байжигитов, Дайырбек Меймановдор даярдап келген макеттерди өзү карап көрүп, оңдоочу жерин оңдоп-түзөп, купулуна толгондо гана басууга жөнөтүп турду. Анын натыйжасында гезит 1-2 жылдын ичинде жаңы турпатка ээ болгон.
Гезиттин тематикасын, мазмунун байытууда А.Матисаков кадрлар потенциалын кылдаттык менен пайдалана билген редактор болгонуна токтоло кетсек. Биринчиден, башка жактарда иштеп жүргөн Төлөн Насирдинов, Эсенбай Калдаров сыяктуу “Кыргыз Туучу” таланттуу журналисттерди жана фотокабарчы Шекербек Сартовду гезитке кайрадан алып келди.
Мен Төлөн Насирдинов менен иштешип калдым. Мындай калемди эркин шилтеген журналистти жолуктурган эмесмин. Анын жазгандары жаздын таңкы желиндей лепилдеп турчу. Анын “Күүгүмдөгү коңгуроо” аттуу рубрика астында уюштурган маектери кимдерди гана тамшандырбады. Өкүнүчтүүсү, ажал таланттуу журналистти бул дүйнөдөн эрте алып кетти. Төлөн Насирдинов атындагы сыйлыкты жылдын мыкты журналистине ыйгарып туруу идеясын А.Матисаков демилгелеп, жыл сайын чоң азем менен мыкты журналисттерге ыйгарылып келди. Бул да болсо чыгаан журналисттин жаркын элесине жасалган сый-урмат. Ошондо сыйлыктын биринчисин белгилүү журналист жана жазуучу Бекбай Алыкулов алган болчу. “Кыргыз Туусунун” эски гвардиячы журналисти Бекбай Алыкуловдун калеминен жаралган публицистикалык макалалары А.Матисаков редактор болуп турган учурда сандан-санга жарыяланган. Редактор катары Б.Алыкуловду жамааттын “Бакай Атасы” деп сыйлачу.
“Кыргыз Туусуна” А.Матисаков алып келген айтылуу журналисттердин бири Мундузбек Тентимишев болду. Ал да журналисттик чеберчилигин “Кыргыз Туусунда” иштеп жүрүп көрсөтө алды. Анын гезит бетинде байма-бай жарыяланган публицистикалык макалалары учурунда окурмандарды аябай таң калтырып, публицистиканын мыкты үлгүсүн көрсөттү.
Анын 2004-жылы “Кыргыз Туусу” газетасынын 80 жылдык тарыхы жөнүндө жазган көлөмдүү эмгеги китеп болуп жарыкка чыккан.
Чынында А.Матисаков редактор катары колунда иштеген журналисттерге багыт берген жагынан өтө чебер эле. Тамаша-чынга аралаштырып, бир жолу Эсенбай Калдаровго кайрылып: “Эсеке, окурмандардын делебесин козгогон мелодрама жазбайсызбы, сиздин колуңуздан келет, гезитибиздин кызыктуулугу артсын”, – деди. “Да” – деди Эсеке башын кашылап, “аракет кылайын”, – деп кабинеттен күлмүңдөп чыгып кеткени эсимде. Ошондон тартып “Таксисттин күндөлүгү же миң бир күн” аттуу чыгарманын үзүндүлөрү сандан-санга жарыялана баштады. Бул чыгарманы окурмандар абдан сүйүп окушту. Мен жогоруда эски гвардиядагы журналисттер деп айтып өттүм. Ал журналисттердин катарына “Кыргыз Туусунда” агарып-көгөргөн агайларыбыз Кудайберген Исаевди, Токтомуш Өскөновду, кесиптештерибиз Бермет Маткеримованы, Фатима Турдалиеваны кошуп кетсек болот.
Редактор А.Матисаковдун ишмердүүлүгүндөгү дагы бир баса көрсөтүп айтчу жакшы жөрөлгө бул “Матисаковдун мектеби” деген шарттуу аталыштын жаралышы болду. Бүгүнкү күндө Бактыгүл Чотурова, Назарбек Байжигитов, Дайырбек Мейманов, Шекербек Калыков, Асан Жунусов, Болот Таштаналиев, Жыпара Исабаева, Орозалы Карасартов, Чолпон Субакожоева, Төлөнбай Жакшыбаев, Назаркул Жоошбаев өңдүү көптөгөн аттуу-баштуу журналисттерден “Сен Матисаковдун мектебиненсиңби?” деп сурасаң, алардын баары “ооба” деп токтолбой жооп берерине ишенем. Себеби, ушул журналисттердин баарын А.Матисаков өзү “Кыргыз Туусуна” ишке алып, алардын журналист катары тарбияланып, такшалып чыгышына көмөк көрсөткөн. Ошондой эле Барчынбек Бугубаев, Айдарбек Жанбалаев, Алик Акималиев өңдүү таланттарга да “Кыргыз Туусунда” өздөрүн көрсөткөнгө, мыкты чыгармаларды жаратканга мүмкүнчүлүк түзгөн.
Эгерде башкы редактордун орун басарлары, айта турган болсок, “Кыргыз Туусуна” кабарчы болуп иштегени келген Догдурбек Юсуповду беш айдан кийин биринчи орун басар кылып дайындаган. Ал ишенимди толук актады десек болот. Анткени, ал орун басар болгондон тартып, 15 жылга жакын ушул кызматта үзүрлүү эмгектенди. Ошондой эле Шерназар Шүкүров, Абибилла Пазыловдор да орун басар болуп эмгектеништи. Орун басарлыкка ишеним көрсөтүү жагынан А.Матисаковдун колу ачык болгондугун белгилеп кетүү зарыл.
Аны чыгармачыл муундардын байланышын сактай билген редактор катары да бааласак болот. Себеби, ал гезитти сапаттуу чыгаруу үчүн Кыргыз эл жазуучулары, акындары Көчкөн Сактановдун, Эрнис Турсуновдун, Калыбай Осмоналиев жана Самсак Станалиев, Үсөн Касыбековдордун чыгармачылык жигерин пайдаланган. Алардын жазгандары жаштарга үлгү болгон.
Ошол убакта гезиттин нускасы 4 миңден 10 миңге чейин жогорулап, рек-ламалар 10дон ашуун беттерге жарыяланып турду. Анын натыйжасында редакциянын каржысында кем-карч деген болбоду. Гезиттин кызматкерлери аванс, айлык, гонорар, сыйлык дегендерди өз убагында алып турушту.
“Кыргыз Туусунда” уюштурулган “Күмүш жамбы” сыйлыгы, “Кыргыз Туусунун кыраандары” Ардак тактасы гезиттин кызматкерлерине дем-күч берип, шыктандырып турчу. Менин оюмча, Абдиламит Матисаковдун “Кыргыз Туусу” газетасындагы редактордук ишмердүүлүгү анын жакшы жазган зор чыгармасы, өмүрүнүн жаркын белеси дээр элем.
Андан бери канча жылдар артта калды. Абдиламит досум улуттук журналис-тиканын өнүгүшүнө олуттуу салымын кошуп, соңунда өрнөк болчу из калтырды. “Кыргыз Туусун” он жылдан ашуун жетектесе, Улуттук телерадиону үч жылга жакын даңазалуу иштердин ( 8-декабрь улуттук телевидение күнү болуп белгилениши, “Замана” таңкы берүүлөрдүн түптөлүшү, 40 жылга жакын курулушу бүтпөй жаткан АЭСканын, телерадионун жаңы курулушунун ишке берилиши, “Манас –1000” даңазалуу мааракесин эл аралык деңгээлде спутник аркылуу Евроазия мейкиндигине көрсөтүлүшү) демилгечиси болгонун айтып өтпөсөк болбос.
Азыркы күндө Абдиламит Мурзаевич Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, Кыргыз эл жазуучусу, флагман окуу жайда “Матисаков мектеби” адабий бирикмесин уюштуруп, көп сандаган жаш калемгерлердин, журналисттердин чыгармачылыгына багыт берип, өзүнүн бай тажрыйбасына үйрөтүүдө. Алардын алгачкы “Миң булак” жыйнак китеби адабий коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынган. Ушул тапта тай күлүк таланттардын экинчи китебин даярдоо үстүндө. Университеттин жетекчилиги Абдыкенин демилгелүү өрнөгүн мындан ары да өнүгүп-өстүрүү максатында “Матисаков мектебинин” негиздөөчүсү А.Матисаков атындагы өзүнчө кабинет ачып берди.
Мааракени утурлап, Улуттук жазуучулар союзу тарабынан “Кыргыз эл жазуучусу А.Матисаковдун атындагы жаш аңгемечилердин республикалык сынагын жарыялаганы да көңүл кубантат. Сынактын жеңүүчүлөрүнө 100 миң сомдук акчалай сыйлыктар жана лауреаттык дипломдор тапшырылмакчы. Сөздүн бирин айтсаң бири калат дегендей, көп кырдуу таланттуу досубуздун 70 жылдык мааракесинин алдында анын улуттук адабият, маданият, журналистика айдыңында жасаган жана жасап жаткан көп иштерине учкай токтолуу менен эртеңки келечек муундар үчүн зор өрнөк болор тажрыйбасын талыкпай жумшай берерин бөркүбүздөй көрөбүз.
Абдимухтар АБИЛОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

