Иранда АКШ жана Израиль тарабынан жасалган соккулардын кесепетинен 113,5 миңге жакын жарандык объект жабыркаганы маалымдалды. Бул тууралуу Ирандын Кызыл Жарым Ай коому билдирди.
Маалыматка ылайык, 300дөн ашуун саламаттык сактоо мекемеси жана 760 мектеп да зыян тарткан.
Ошондой эле эл аралык маалымат каражаттары Ирандын борбору Тегеран жана өлкөнүн түндүк-батышындагы Зенжан шаарында тартылган видеолорду жарыялады. Анда куткаруучулар урандылардын алдында калган адамдарды издеп, жабыркагандарды куткаруу иштерин жүргүзүп жатканы көрсөтүлгөн.


