Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Азербайжандын өкмөт башчысы менен жолугушту

Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Баку шаарында уюмга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 2-жыйынынын алдында Азербайжандын премьер-министри Али Асадов менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар алдыдагы жыйындын күн тартибин жана программасын талкуулап, уюм алкагындагы кызматташуунун негизги багыттары, ошондой эле аймактык жана глобалдык актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.

Өмүралиев түрк мамлекеттеринин ортосундагы тилектештикти бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, экономика, транспорт, энергетика жана соода тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жогорку деңгээлдеги байланыштарды кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле өкмөт башчылары менен өткөрүлгөн жыйындар маанилүү механизм экени жана катышуучу өлкөлөр ортосундагы кызматташууну чыңдоого өбөлгө түзөрү белгиленди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз