Башкы беткеМаанилүүКыргызстанда кара металл сыныктарын жана калдыктарын экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда кара металл сыныктарын жана калдыктарын экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, ошондой эле кайра эритүүгө арналган кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу тууралуу токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Чечимге ылайык, Евразия экономикалык биримдигинин ТЭИ ТН 7204 коду менен классификацияланган кара металлдардын калдыктарын жана куймаларын өлкөдөн алып чыгууга токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин алты айлык мөөнөткө убактылуу чектөө киргизилет.

Бул токтомду ишке ашыруу үчүн Экономика жана коммерция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар