Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын шаарлары менен айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде администрациялык аймактык реформаны жүзөгө ашыруу жөнүндөгү” жарлыгына ылайык, учурда Жайыл районунда 3 айыл өкмөтү биригип – Талды-Булак айыл аймагы түзүлдү. Анын курамына Сосновка, Сары-Булак, Моңолдор, Бөксө-Жол, Кайырма жана Бекитай, бардыгы алты айыл кирди. Калкынын саны – 11017.
Талды-Булак айыл аймагынын башчысы Азизбек Манапов билдиргендей, аймактык реформанын жыйынтыгында 18 муниципалдык кызматкер кыскарып, анын ичинен 11 кызматкер иш менен камсыз болду. Мындан сырткары, ТОП жана МОП ичинен алты кызматкер кыскарып, үчөө кызматында калды. Кыскартууга кабылган кызматкерлерге мыйзам боюнча жөлөк пулдар төлөнүп берилди. Бүгүнкү күндө айыл аймагынын муниципалдык кызматкерлеринин саны – 12, ТОП/МОП-4, контракт менен иштегендер – 6, айылдык депутаттардын саны – 21.
Учурда, айыл аймагындагы 4 мектепте 2221 окуучу окуйт, 140 мугалим эмгектенет. Мектепке чейинки 4 билим берүү мекемесинде 350 бала тарбияланат, 20 тарбиячы эмгектенет. Ал эми саламаттык сактоо тармагында 1 ҮДТ, 5 ФАП бар, аларда 14 дарыгер эмгектенет.
7 спорт объектиси бар. (4 кичи футбол талаа, 1 спорттук зал, 3 спорттук комплекс). Айыл аймагы боюнча 3 маданият үйү, 4 китепкана, 1 музей, 5 эстелик бар.
Талды-Булак айыл аймагынын башчысы Азиз Манапов өз сөзүндө айыл аймагын ар тараптан өнүктүрүү башкы максаты экенин айтты.
Инвестиция ийгиликке өбөлгө
2024-жылдын жыйынтыгы менен айыл аймагына инвестиция тартуу жана социалдык-экономикалык өнүгүү программасын аткаруу боюнча Талды-Булак айыл өкмөтү боюнча 2024-жылы наркы 29 млн. 182 миң 829 сом турган 13 долбоор даярдалып, дээрлик жүзөгө ашырылды. Анын ичинен инвестиция 24 млн. 953,5 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 4 млн. 229,3 миң сом.
Ал эми, Жайыл райондук өнүктүрүү фонду аркылуу жалпы суммасы 6 млн. 809,9 миң болгон 4 долбоор ишке ашты. Бул долбоорлор Жайыл райондук өнүктүрүү фонду тарабынан – 3 млн. 858,7 миң сомго, жергиликтүү бюджеттен 2 млн. 951,2 миң сомго каржыланды.
Таштанды чогултуучу 1 даана автомашина сатып алуу үчүн жалпы 3 млн. 291,9 миң сом чыгымдалса, анын 2,0 млн. 025 миң сомун жергиликтүү бюджет көтөрсө, 1 млн. 266,9 миң сомун Жайыл райондук өнүктүрүү фондунан бөлүп берген. Бул техника учурда айыл аймакка кызмат кылууда.
Мындан сырткары, Сары-Булак орто мектебинин толук электромонтаждык иштерин жүргүзүүгө жана кабинеттерге электроконвекторлор сатылып алынып орнотулду. Бардык чыгымдар Жайыл райондук өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен каржыланды.
Ушундай эле каржылоо Моңолдор орто мектебинин ичи, сыртын оңдоо иштерине сарп-талды.
Өнүгүүгө түрткү берген грант
Түрткү берүүчү грантка долбоор жазып өткөрүлүп, жалпы суммасы 3 млн. 743,5 миң сомдук, 2 долбоор аткарылды.
Бөксө-Жол айылындагы К.Дербишев атындагы мектептин тегерегин темир тосмо менен тосууга, жалпы 1 млн. 173,1 миң сом жумшалса, анын ичинен Түрткү берүүчү гранттын салымы 892 миң 627 сом болду, 280 миң 493 сомун жергиликтүү бюджет көтөрдү.
Сосновка айыл аймагындагы “Таш” каналынын 816 метр жерине бетон лотокторду орнотуу үчүн 2 млн. 570,4 миң сом жумшалды. Мунун 2 млн. 052,8 миң сому Түрткү берүүчү грант болсо, жергиликтүү бюджеттен 517,6 миң. сом жумшалды.
Чүй облустук өнүктүрүү фондунун жардамы
Чүй облустук өнүктүрүү фонду аркылуу 1 долбоор ишке ашып, жалпы суммасы 2 млн. 617,8 миң сомду түздү. Ал Сосновка айылындагы канал “Таш” арыгына 816 метр жерге бетон лоток орнотууга 2 млн. 617,8 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 30,0 миң сом.
Ушундай эле долбоор ПРООН аркылуу Жайыл райондук калкты жумуш менен камсыздоо жана миграция комитети менен биргеликте аткарылды. Ошол эле учурда, Сосновка айылындагы Сосновка ПОСТ аймагындагы канал “Таш” каналын ремонттоо иштерине ПРООН менен жергиликтүү бюджеттен каржыланды.
Билим берүү жана илим министрлигинин жардамы
Министрликтин жардамын менен ДОО-500 программасы аркылуу жалпы суммасы 2 млн. 392,4 миң сом болгон 2 долбоор ишке ашты.
Моңолдор айылындагы бала-бакчага тамбур куруу жана мебель, ковер, килем ж.б. сатып алуу жана Бөксө-Жол айылындагы бала-бакчага балдар ойноочу аянтча куруу жана мебель, ковер, килем ж.б. кеткен чыгымдар жабылды.
АРИС айыл аймакта
АРИС аркылуу жалпы суммасы 8 млн. 924,0 миң сом болгон 3 долбоор аткарылды. Алар: Кайырма айылындагы “Интенсивдүү тоңдуруу” имаратына муздаткыч системасын орнотуу жана имараттын сыртын оңдоо, 3 фазалык электр киргизүү, Бөксө-Жол орто мектебинин ички санузелдерин оңдоо, Сосновка орто мектебинин ички санузелдерин капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери.
Мындан сыткары, АРИС аркылуу “ТАЗА СУУ” программасы боюнча (Сосновка, Кайырма, Бөксө-Жол, Бекитай) айылдарын таза-суу менен камсыз кылуу: жалпы сметалык баасы 203 млн. 118 миң 190 сом.
Сосновка айылынын суу системасын жаңыртууга АРИС 138 млн. 276 миң 175 сом бөлдү, учурда иштер 90 % аяктады. Ал эми, Бөксө-Жол, Кайырма , Бекитай айылдарынын суу системасын жаңыртууга АРИС 64 млн. 842 миң 15 сом жумшады. Азыркы учурда жумуш 60% жасалды.
Жергиликтүү бюджеттен каржыланды
“Фидан Глобал” ЖЧКсы 2024-жылы 6,0 гектар жерге кулпунайдын жаңы сортун отургузуп, экспортко жөнөтүп жатат. Жаңы жумуш орундары пайда болду. Тартылган инвестициядан тышкары, социалдык-экономикалык өнүгүү программасын аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 6 млн. 597,4 миң сом акча каражаты жумшалып, Моңолдор айылындагы “Кызыл-Кыя” каналынын 600 метр жерин бетондоп оңдоо, Бекитай орто мектебинин имаратын оңдоо, мектептин ички кабинеттерин ондоо жана да ички кабинеттерине вентиляция орнотуу иштери аткарылды.
Бекитай, Бөксө-Жол айылындагы ички ирригациялык арыктарды оңдоп-тазалоо иштерине Сосновка орто мектебинин кире бериш фасадын ремонттоо, сырткы алдыңкы бетине текстура чачуу, Сосновка айыл аймагындагы Набережный көчөсүндө жана дачада жашаган адамдарга таза жана сугат суусун сугат убагында үзгүлтүксүз жеткирүү максатында жергиликтүү бюджеттин акча каражатына суу жеп кеткен жерлер оңдолуп берилди.
Мындан сырткары, Сосновка айылынын (Фабричный, Сельповская, Молодежная, Айдарбаева) көчөлөрүнө таш төгүп оңдоо, Сары-Булак орто мектебинин 100 жылдыгына карата мектептин кире бериш фасадын ремонттоо, мектеп имаратына текстура чачуу, ушул эле мектептин актовый залын ремонттоо иштери бүттү.
Ал эми, Кайырма айылына парк уюштуруу 2075 даана ар кандай көчөт сатып алып отургузуу, Айыл өкмөтүнүн имаратынын алдынкы фасадын ремонттоо иштери жергиликтүү бюджеттен каржыланды.
Билим берүү
Мугалимдердин айлык маянасы, социалдык төлөмдөрү республикалык бюджеттен болгону менен башка чыгымдары жергиликтүү бюджеттен каржыланат. 2024-2025-окуу жылына карата даярдык боюнча райондук кароо-сынактын жеңүүчүлөрү болуп: Сосновка орто мектеби 1-орун, Бекитай орто мектеби – 3-орун, Моңолдор бала бакчасы үчүнчү орунду алышкан. Талды-Булак айыл аймагы боюнча 3 окуучу “Алтын тамга” сертификатына талапкер болду. Талды-Булак айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттен мугалимдердин жол кире чыгымына 84,2 миң сом каржылады.
Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттен Сары-Булак, Сосновка, Бекитай орто мектептеринин 5 мугалими Ысык-Көл облусуна мугалимдер арасында өтүүчү “Ден-соолук” спартакиадасына катышуусуна, Бөксө-Жол орто мектебинин окуучуларынын “Алтын балалык” пансионатына барып эс алуусуна, Сосновка орто мектебинин окуучуларынын “Алтын балалык” пансионатында эс алуусуна каражат бөлүндү.
Бөксө-Жол орто мектебине бардыгы 431,3 миң сом бөлүндү. Бул каражат: Бөксө-Жол орто мектебине өрт коопсуздугуна, чарбалык жана канцелярдык товарларга берилди. 5 проектор сатып алуусуна, жаңы-жылдык иш-чараларга, мугалимдер майрамына, компьютер, музыкалык аппаратура оңдоого, маалыматтык стенд жасоого жумшалды.
Сары-Булак орто мектебине бардыгы 629,6 миң сом бөлүндү, анын ичинен мектепти кесиптик кайра түзүүгө, окуучуларга, ”күндөлүк” сатып алуусуна, маршрутка айдоочусунун айлыгына, маршруткага тетиктер, моторун оңдоого, күйүүчү майлоочу майына, мектептин ашканасын кайра түзүп чыгууга, жаңы жылга улуттук кийим, костюм сатып алууга, чарбалык жана канцелярдык товарларынын чыгымдарына, 2 ноутбук сатып алууга жумшалды.
– Сосновка орто мектебине бардыгы 2811,2 миң сом бөлүндү, анын ичинен от казандын ремонтуна, чарбалык жана канцелярдык товарлар чыгымдарына, таза суу акысына, медициналык дары-дармек сатып алууга, от казанга мотор, насос сатып алууга, жаңы жылга, көмүр сатып алууга, компьютер, спорттук товарлар, жаш комузчулар сынагына, мугалимдер майрамына бөлүндү.
Бекитай орто мектебине бардыгы 233,2 миң сом бөлүндү, анын ичинен 3 проектор сатып алуусуна, өрт коопсуздугуна, чарбалык жана канцелярдык товарларына чыгымдоого, сырткы ажаткананы тазалоого, спорт залга көмүр сатып алууга каржыланды.
Моңолдор башталгыч мектебине бардыгы 340,7 миң сом бөлүндү, анын ичинен ашканасына эмерек сатып алууга, чарбалык товарлар чыгымдарына, жаңы жылдык иш-чараларга, мугалимдер майрамына, көмүр сатып алууга бөлүндү.
Тарбия бала бакчадан башталат
Бала бакча кызматкерлеринин айлык маянасы, социалдык төлөмдөрү республикалык бюджеттен, ал эми башка чыгымдары жергиликтүү бюджеттен каржыланат.
Сары-Булак бала-бакчасына 456,4 миң сом бөлүндү, анын ичинен ремонт иштерине, чарбалык, канцелярдык товарларга, ноутбук, түстүү принтер, музыкалык колонка, э/плита, мебель, телевизор, мугалимдер майрамына, даараткана тазалоого, көмүр сатып алууга жумшалды.
Сосновка ДДУ “Колосок” бала-бакчасына бардыгы 966,3 миң сом бөлүндү, анын ичинен ремонт иштерине, чарбалык, канцелярдык товарларга, шейшеп комплектерине, мугалимдер майрамына, медициналык товарларга э/насос, мотор сатып алууга, балдар ойноочу 5 аянтчаны оңдоого, таза-суу акысына, тарбиячылар арасында семинар өткөрүүгө, 2-этажка интернет киргизүүгө, мугалимдер майрамына, көмүр сатып алууга
жумшалды.
Бөксө-Жол “Кыялкеч” бала бакчасына бардыгы-200,0 миң сом каралып, анын ичинен өрт коопсуздугуна, чарбалык, канцелярдык товарларга, муздаткыч, термопот, видеокамера, мугалимдер майрамына, жаңы жылдык иш-чараларга бөлүндү.
Моңолдор бала бакчасына бардыгы 171,4 миң сом бөлүндү, анын ичинен шейшеп комплектисин сатып алуусуна, чарбалык, канцелярдык товарларга, 3-группа ачуу иш-чарасына, мугалимдер майрамына жумшалды.
Маданият, спорт, социалдык коргоо
Талды-Булак айыл аймагында 1 Маданият үйү, 2 клуб жана 4 китепкана, жаштар үчүн 4 кичи-футбол талаасы, дагы 2 спорткомплекс бар. Маданият үйүндө “Ак элечек айымдар” фольклордук тобу, спорттук культуризм, жаш бийчилер жана комузчулар ийрими бар.
Спорт – ден соолук булагы
Спорт тармагына жергиликтүү бюджеттен жалпы 432,3 миң сом акча каражаты жумшалды.
Жайыл райондук спорттун көп түрү боюнча жыл сайын өтүүчү мелдешине, байге чыгымдарына, спортсмендердин мелдештерге жыл ичинде катышуусуна, жол кире,тамак-аштарына, Сары-Булак айылынын жаштарына футбол топ сатып алуусуна, Кайырма айылынын бокс менен машыккан жаш балдарына спорттук эпикировка сатып алуусуна, Ысык-Көл облусуна барып машыгуусуна, Сосновка айылынын эркин күрөш менен машыккан жаш балбандардын Суусамыр жайлоосуна барып машыгуусуна, Сары-Булак жана Моңолдор айылындагы кичи-футболдук аянтчага майда таш себүү үчүн
жумшалды.
2024-жыл ичинде социалдык коргоо багытында төмөнкү иштер аткарылды:
Талды-Булак айыл аймагында 2024-жылы 119 жакыр үй-бүлө катталып, социалдык паспорт толтурулган. Социалдык комиссиянын 3-декабрь, 2024-жылдагы отурумунда 37 үй-бүлө жакырчылыктан чыгарылды (социалдык контракт алуучулар, үй-бүлө шартын жакшырткандар, көчүп кеткендер, чет мамлекетке чыгып иштеп
кеткендер).
Талды-Булак айыл аймагында 29 персоналдык ассистент бар (оорукчал балдарды бакканы үчүн өкмөттөн жөлөк пул алышат);
Талды-Булак айыл аймагында 1,2,3-группадагы 390 оорукчал адам бар.
Саламаттыкты сактоо
Айыл аймагында №13 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда, 5 ФАПта жалпысынан 22 медицина кызматкери эмгектенет. Ак халатчандарга моралдык жана материалдык жактан жардам берүү максатында Медицина кызматкерлеринин жалпы кесиптик майрам күнүнө 22,0 миң.сом, медайымдардын кесиптик майрамына 8000 сом акчалай каражат бөлүндү. Сосновка айылындагы №13 ҮДТ ичиндеги тиш догдур кабинетине эмерек алууга – 13,5 миң сом, Бекитай, Кайырма, Бөксө-Жол, Сары-Булак айылындагы ФАПтардын ремонтуна – 40,0 миң сом, жалпы саламаттыкты сактоо системасына 83,5 миң сом жумшалды.
Жашылдандыруу, көрктөндүрүү
«Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында Кайырма айылында 1,0 га жерге парк уюштурулду. Жалпысы 2700 көчөт отургузулуп (ийне жалбырактуу, клен, ак кайың, жаңгак дарактары), 221,0 миң сом жумшалды.
2024-жылдын ичинде айыл аймагында 3 муниципалдык ишкана бириктирилип, бир гана “Таза Сосновка” муниципалдык ишканасы иштеп баштады, азыркы күндө карамагында 2 эксковатор, 1 Камаз,1 Хово, 1 Портер, 1 Спринтер жана 1 жүктөгүч, 1 таштанды ташуучу унаа бар. Айыл ичин көрктөндүрүү-жашылдандыруу боюнча айыл ичинен 100 тоннадан ашык таштанды “Поповая балка” участогундагы таштанды жайга чыгарылган жана таштанды жайдын тегереги бульдозер менен түртүлүп тазаланган.
Айыл аймакка караштуу айылдарда көчөлөрүндө жагымдуу, жарык жагдайларды түзүү максатында бардык аракеттер көрүлүүдө.
“Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 жарлыгынын алкагында ишембиликтер уюштурулуп, Талды-Булак айыл өкмөтүнүн аппараты Бишкек-Ош автожолунун 104-107-чакырымындагы бөлүгүндө таштандыларды тазалоо иштерин жүргүзүштү жана жаз айларынын ар жумасында ишембиликтер уюштурулуп турат.
Жолдорду оңдоо, жарыктандыруу
Республикалык маанидеги жолдор -18 км. Жергиликтүү маанидеги жолдор- 62 км. Ички жолдорду оңдоо максатында ЖЧК “Кожобай курулуш” компаниясы менен келишим тузүлүп, 2 млн. 050 миң сомго Сельповская, Фабричная, Айдарбаева, Молодежная, Киевская көчөлөрү оңдолду.
Сосновка айылынын Фрунзенская, Первомайская көчөлөрүнө жаңы 111 даана ВЛ-0,4 кВ электр тирөөчү орнотулду.
“Таза суу” долбоору жүрүп жаткан убакта айылдын ичинде көчөлөр казылып ички жолдор бузулду, ошондуктан жол коопсуздугун сактоо максатында убактылуу болсо да грейдер менен Моңолдор, Сосновка айылынын ички көчөлөрүнүн жана дыйкандардын Саргоо аймагындагы жалпы 20 км жолу түздөлүп, жергиликтүү бюджеттен 300,0 миң сом акча каражаты жумшалды.
Айыл чарба, мал чарбачылыгы
Талды-Булак айыл аймагына караштуу 10299 гектар айыл чарба жери бар, анын ичинен айдоо жерлери – 10278 га, сугат жерлери – 7478 га, кайрак жерлери – 2800 гектар. Жайыт жерлери – 15626 га. Аларда 11 кудук бар жана сугат суу менен камсыздыгы – 90%.
Ал эми мал чарбасын алсак 6087 уй,1988 жылкы, 11680 кой-эчки, 8373 үй канаттуусу расмий түрдө катталган.