Башкы беткеРубрикаларАймактарОш шаарына троллейбус сатып алуу үчүн насыя алынат

Ош шаарына троллейбус сатып алуу үчүн насыя алынат

Өлкө бийлиги Ош шаарына троллейбустарды сатып алуу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан насыя алат. Бул тууралуу 31-мартта парламент депутаты Дастан Бекешев телеграм-каналына жазды.
Насыянын пландалып жаткан өлчөмү — 14,74 млн. евро, ал эми дагы 5 млн. евро грант катары берилет. Депутаттын маалыматына ылайык, Ош мэриясы насыя алуу үчүн билдирмени 2024-жылы октябрда берген.

«Ошол маалда Бишкек мэриясы троллейбустар — транспорттун эскирип калган түрү экенин, анчалык деле экологиялуу эместигин, шаардын көрүнүшүн бузарын жана электр энергиясын көп талап кылгандыктан, өтө эле чыгымдуу экенин билдирип жаткан. “Анда жүргүнчүлөр деле жүрбөй калды” деп да айтышкан. Мен муну караандай калп деп эсептейм»,— деди Бекешев.

Депутат троллейбустар үчүн деп 2018-жылы алынган буга чейинки насыянын «тагдыры» белгисиз экенин, аны парламенттик комитеттин бүгүнкү жыйынында такташарын кошумчалады.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар