Башкы беткеМаанилүүАзия чемпионатынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өттү

Азия чемпионатынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өттү

Бишкек шаарында 15 жана 20 жашка чейинки спортчулар арасында өтүп жаткан Азия чемпионатынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер болуп өттү.
Таймаштардын жыйынтыгында ар түрдүү салмак категорияларында жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталды.
Сыйлоо аземи салтанаттуу өтүп, жеңүүчүлөргө медалдарды расмий өкүлдөр тапшырышты. Анын ичинде Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жаш спортчуларды куттуктап, аларга ийгиликтерди каалады.
Эске салсак, Азия чемпионаты 2025-жылдын 5–13-июль күндөрү United World Wrestling (UWW) эл аралык федерациясынын колдоосу менен өтүүдө. Мелдешке Азиянын 20 өлкөсүнөн 600дөн ашуун спортчу, машыктыруучу жана расмий өкүлдөр катышууда. Бул ири спорттук иш-чара жаш балбандар үчүн өзүн көрсөтүүгө жана өлкөлөр ортосундагы спорттук кызматташтыкты чыңдоого чоң мүмкүнчүлүк болуп саналат.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар