Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөдөгү куралдуу жаңжал аяктагандан кийин бийликтен кетүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал Fox News телеканалына берген маегинде айткан.
Журналисттин «конфликт бүткөн соң кызматтан кетесизби?» деген суроосуна Зеленский кыскача «Ооба» деп жооп берген.
Белгилей кетсек, Украинада президенттик шайлоо 2024-жылдын 31-мартында өтүшү керек болчу. Бирок өлкөдө аскердик абал жана жалпы мобилизация жарыялангандыгына байланыштуу шайлоо токтотулган. Зеленский буга чейин добуш берүү «учурда ылайыксыз» экенин билдирген.
Зеленскийдин президенттик ыйгарым укуктары расмий түрдө 2024-жылдын 20-майында аяктаган. Бирок Киев бийлиги жаңы президент шайланганга чейин азыркы мамлекет башчысы мыйзамдуу бойдон кала берет деп эсептейт.
Декабрь айынын башында АКШнын президенти Дональд Трамп Украинада шайлоо өткөрүү зарылдыгын айткан соң, Владимир Зеленский Жогорку Радага тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын бергенин билдирген. Ага ылайык, шайлоо 60–90 күндүн ичинде өтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда Зеленский шайлоону өткөрүү үчүн бир катар шарттарды, анын ичинде ок атышууну токтотууну талап кылып келет.
Мындан тышкары, ал Донбасстан Украинанын куралдуу күчтөрүн чыгаруу мүмкүнчүлүгүн дагы бир ирет четке каккан.


