Адатта илимий институттар, аналитикалык борборлор, айрыкча жалпыга маалымдоо каражаттары ар жылдын аягында урунттуу делген жаңылыктардын, дүйнөлүк масштабдагы же глобалдык же региондук деңгээлде катуу таасир эткен окуялардын рейтингин чыгарат.
Маселен, Улуу Британиянын Таймс The Times гезити төмөндөгү окуяларды дүйнөлүк маанидеги окуялардын сап башында деп эсептейт:
- Дональд Трамптын кайрадан президент болуп шайланышы;
- Израилдик туткундардын бошотулушу;
- Лос-Анжелестеги чоң өрт;
- АКШнын жараны Роберт Превост Рим папасы болуп шайланды;
- Александр Овечкин Уэйна Гретцкинин рекордун жаңыртты;
- Атактуу Лувр музейинин тонолушу;
- рок-музыкант Оззи Осборндун келбесине кетиши;
- приматолог Джейн Гудоллдун көз жумушу;
- «Лос-Анджелес Доджерстун» бейсбол боюнча башкы лигада утушу.
Ал эми АКШнын Эл аралык мамилелер боюнча кеңеши (CFR) чечүүчү окуялардын кыска тизмегине Камбоджа менен Таиланддын ортосундагы куралдуу кагылыш, америкалык жарандын католиктердин башкы понтифиги болуп шайланышы, Израиль менен Ирандын ортосундагы чыңалуу сыяктуу окуяларды киргизген. АКШнын Эл аралык мамилелер боюнча кеңеши 2025-жыл эл аралык аренада эң татаал жылдардын бири болду, тенденция келерки жылы да сакталат, 2025-жылдагы урунттуу
окуялар актуалдуу бойдон калат деген пикирде.
Орустардын “Российская газета” федералдык гезити да өз рейтингин чыгарды. Албетте, “Российская газетанын” версиясы боюнча Путин менен Трамптын Аляскадагы (15-август, Анкоридж) жолугушуусу, Улуу жеңиштин 80 жылдыгына арналган Москвадагы жана Бээжиндеги аскер параддары, Трамптын орус-украин жаңжалын жөнгө салуу боюнча тынчтык планы дүйнөлүк мааниге ээ окуялар болуп эсептелет.
Кыргыз басылмалары, маалымат агенттиктери да “жылдын башкы окуясы”, “жылдын мыктысы, чыгааны” ж.б.у.с. рейтингдерин чыгарды. Негизинен пиар, рекламалык максаттагы жана коммерциялык негиздеги рейтингдер. Сурамжылоо деле билинбейт, рейтинг чыгаруунун принциптери жана методологиясы бизге жана коомчулукка белгисиз.
Жалпы улуттук жана төл башы гезит “Кыргыз Туусу” быйыл андай сыйлык ыйгарып, “мыкты” эсептелгендерге наамдарды ыйгарганы жок, дүйнөлүк мааниге ээ ири окуялар боюнча өз рейтингин чыгарды. “Кыргыз Туусу” гезитинде жарыяланган, окурмандардын баасына, пикирине таянган объективдүү, калыс жана негиздүү рейтинг. “Кыргыз Туусу” гезитинде жарыяланган, талданган, окурмандар пикир жазган, сайттагы окумдуулугу/көрүмдүүлүгү жана мессенджер аркылуу, он-лайн жана оф-лайн кабарлар аркылуу чыгарган эл аралык окуялардын рейтинги төмөнкүдөй. Маселе орунда деле эмес, алардын көңүл борборунда болгондугунда жана учурдагы жана болочок таасиринде.
- Эл аралык аренада олку-солкулук, эрежеден тыш, тагыраагы эреже сактабаган окуялар орун алды. Адамзаттын суудай аккан каны, төгүлгөн көз жашы менен жуурулушкан жагдай эл аралык мыйзамдарга доо кетирди. Дүйнөлүк тартипти тартип болуудан калтырууга жөндөмдүүү окуялар орун алды. Бул бир. Адамзат ойлонууга тийиш жана суверендүү мамлекеттер мунасага келип, эл аралык мамилелерди жөнгө салуучу орток жоболордун тутумун түзүп алуусу абзел. Ансыз жомоктогу акыр заман босогодон төргө өтмөгү анык.
- Трампизм деген аныктама реалдуулукка айланды. Дональд Трамп АКШнын президенти болуп экинчи ирет шайланып, оңду-солду аракети менен дүйнөнү солкулдатты. «Кыргыз Туусу” бул тууралуу терең анализге таянып жазды жана “трампизм” деген аныктаманы саясат таануу илимине жана журналистикага киргизди.
- Индия менен Пакистан кармашы жаңырды. Май айында Кашмирдеги кармаш акыркы 50 жыл ичиндеги биринчи чоң кагылыш болду. Өзөктүк куралга ээ, калкы эсепсиз, геосаясий орду жогору мамлекеттердин мындай жаңжалы кооптуу нерсе.
- Африкадагы согуштар токтомой тургай, күч алды. Шордуу өлкөлөрдүн шордуу калкы геосаясаттын жана бийлик менен байлыкка умтулган кудай каарылардын курмандыгы болууда. Аягы көрүнбөйт. Кыргыз лидери Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясындагы кайрылуусунда “Африканын эбегейсиз кен-байлыктары Африканын тез өнүгүүсүнө жана өз кызыкчылыктарына жумшалышы керек” деген тезиси Африкага гана эмес, байлыкка мол, бирок анын пайдасынан кур жалак жакыр өлкөлөргө карата мамиленин парадигмасы болууга жарактуу чакырык.
- Жасалма интеллект аренага жаалы катуу чыкты. Адамдын колунан жаралган нерсе адамзатты башкарам деп туру. Федор Достоевскийдине “Братья Карамазовы” романындагы инкивизитор Кудайды алка-жакадан алган сымал, жасалма кыз менен жигит жалпы адамзатты жетелей турган болду. Технологиялык прогресс деп кол чапкан адамзат мурдуна чүлүк салынган бычмал өгүздөй жетеленмей болду. Башка жандыктардын башына кыямат алып келген Хомо сапиенстин даана акыр заманы эми келди окшойт.
- Израиль жарандары туткундан бошотулду, өлгөндөрдүн сөөгү кайтарылды. Террористтер али күчтүү экенин көрсөттү. Дин жана уюшкан кылмыш менен оюндун аягы жаман экенин дүйнө далай көрдү, бирок сабак албады, алигиче диний уюмдар менен коюн-колтук алышып келүүдө.
- Калкынын саны жана территориясы биздей кенедей Израиль өз суверенитетин колдоо үчүн килейген мамлекеттердин территориясын аткылап турду, чиркин.
- Кытай технологиялык гигантка айланды, санкцияларды тооткон жок, геосаясатта алдыңкы ролду ойной баштады. Санкциялар 2025-жылды негизги трендге айлантты.
- Климаттык тематика талкуунун гана предмети болду, чечимдер реалдуу ишке ашканы жок. Адамзат климаттык өзгөрүүлөргө туруштук берүү үчүн орток пикирге келүүсү жана шайкеш кадамдарды жасамагы абзел.
- Бир топ өлкөдө Z зумерлердин социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу бийликтер тебетейдей алмашты. Непал, Мадагаскар, Перу, Мексика, Индонезия, Чыгыш Тимор сыяктуу ондогон өлкөлөрдө баштаган киши жок, жайнаган эл жок, бирок виртуал коомдун толкундоолору мамлекеттерди чөгөлөттү, кебелгис бийликтерин чай кайнамда шыпырды.
- 2025-жылы трансулуттук масштабдагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды. Бул региондук эмес, дүйнөлүк маанидеги инфраструктуралык долбоор.
- 2025-жылдагы эң ири жетишкендик – бул Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара проблемасынын оң жана биротоло чечилиши болду. Соңку төрт жылдан бери чек ара жаңжалына байланыштуу эки өлкөнүн мамилеси кескин начарлап, ок атылып, улам жаңжал чыгып, чек ара жабылып, алака-катыш дээрлик токтоп турган эле. Быйыл 13-мартта Бишкекте Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон биргелешкен билдирүүгө, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюшту. Натыйжада эки коңшу мамлекеттин ортосундагы чек ара чыр-чатагын достуктун, тынчтыктын жана соода-экономикалык тыгыз кызматташтыктын аймагына айлантууга укуктук, саясий бекем негиз түзүлдү. Ал эми 31-мартта президенттер Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик чек араларынын тогошкон чекити жөнүндө келишимге жана үч мамлекеттин ортосунда түбөлүк достук тууралуу Кожент декларациясына кол коюшкан. Коңшу мамлекеттер ортосундагы мындай тарыхый чечимдер жана келишимдер чек аралаш мамлекеттер үчүн же бүтүндөй Борбор Азия үчүн гана эмес, жалпы дүйнө үчүн чоң мааниге ээ.
- Бишкек БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2026-2027-жылдарга убактылуу мүчөсү болууга ынтызарлыгын расмий жарыя кылды. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин мүчөлүгүнө умтулуусун аргументтер менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-мааракелик сессиясында билдирип, Бишкектин тынчтыкты орнотууга, коопсуздукту камсыз кылууга жана ар кандай жаңжалдарды чечүүгө бай тажрыйбасы жана моралдык-саясий укугу бар экенин белгилеген.
- Бишкектин Тоо күнү, бүткүл дүйнөлүк Ак илбирстин күнү сыяктуу эл аралык демилгелери дүйнөлүк деңгээлде колдоо тапты. Кыргызстан демилгелеген Ак илбирстин эл аралык күнү 2025-жылы 23-октябрда бүткүл дүйнөдө биринчи ирет белгиленди.
Алмаз ОКИН,
“Кыргыз Туусу” гезити

