Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) Кант шаарына жакын аймакта жети кабаттуу 150 үйдөн турган жаңы турак жай комплексинин курулушун баштады.
Долбоор жалпы 5 миңден ашык батирге эсептелип, аймактагы эң ири көп кабаттуу курулуш болуп калат. Объектти пайдаланууга берүү 2027-жылга пландалууда.
Жаңы комплекстеги батирлер Чүй облусундагы кезекте турган жарандарга, анын ичинде Кант шаарынын жана жакынкы райондордун тургундарына бөлүштүрүлөт. Долбоор аймакты комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган. Турак жайлардан тышкары, бул жерде мектеп жана бала бакча курулат. Ошондой эле тургундар үчүн унаа токтотуучу жайлар, заманбап балдар жана спорт аянтчалары уюштурулуп, аймак толук көрктөндүрүлөт.
Батирлерди МИКтин жалпы кезеги аркылуу же жеткиликтүү шарттагы үлүштүк ипотека программасы менен сатып алууга болот. Бул демилге Кыргызстандын аймактарында жарандарды турак жай менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылууда.


