Садыр Жапаров референдум өткөрүү тартибин жөнгө салган жаңы мыйзам долбоорун демилгелеп, документ Жогорку Кеңеш тарабынан каттоого алынды. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору 2021-жылдын 11-апрелинде кабыл алынган Конституцияга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан. Азыр колдонулуп жаткан мыйзам 2016-жылы кабыл алынган жана учурдагы мамлекеттик түзүлүшкө толук жооп бербей калганы белгиленет.
Жаңы документке ылайык:
- референдумду дайындоо укугу Президентке берилет;
- ошондой эле 300 миңден кем эмес шайлоочунун демилгеси менен да жалпы добуш берүү белгилениши мүмкүн;
- парламент депутаттарынын үчтөн экисинин демилгеси да негиз болуп эсептелет.
Мурдагы мыйзамга ылайык, референдумду жарыялоо демилгеси депутаттардан, өкмөттөн же демилгечи топтон келип чыгып, акыркы чечимди парламент кабыл алчу. Мындан тышкары, жаңы долбоордо демилгелерди кароо мөөнөттөрү такталып, бир катар процедуралар өзгөртүлгөн. Ошондой эле референдумда электрондук форматта аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралууда.
Документте коомдук байкоочулардын макамы, “ооба” жана “жок” фонддорун түзүү жана каржылоо тартиби да жөнгө салынат. Долбоорду парламентте Борбордук шайлоо комиссиясы коштоп чыгары күтүлүүдө.
