Башкы беткеСаясат жана коомКоомҮй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча ведомстволук кеңешме өттү

Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча ведомстволук кеңешме өттү

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” мыйзамдарынын ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 16.07.2025-жылдагы “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралар жөнүндө” 417 сандуу токтому менен бекитилген үй-бүлөлүк зомбулук тобокелдигин баалоо методикасы, убактылуу коргоо ордеринин формасы, зордук-зомбулук жүрүмтурумун өзгөртүү боюнча типтүү коррекциялоочу программасынын аткарылышы боюнча, Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын жана  Бишкек шаарынын социалдык коргоо башкармалыктарынын кызматкерлеринин катышуусунда ведомстволук аралык кеӊешме өткөрүлдү.

Кеӊешмеде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуусу, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн үй-бүлөлүк зомбулуктан корголуусу ошондой эле коррекциялык программасын өткөрүү иш чаралары боюнча кеӊири талкуу жүргүзүлүп, жогоруда белгиленген мыйзамдардын жана аталган токтомдун так аткарылышы  көрсөтүлдү.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар