Башкы беткеМаанилүүКыргызстан менен Кытай туризмди санариптик платформалар аркылуу өнүктүрүшөт

Кыргызстан менен Кытай туризмди санариптик платформалар аркылуу өнүктүрүшөт

Кыргызстан менен Кытай туризмди санариптик платформалар аркылуу өнүктүрүүнү макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Туризм өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Фонддун делегациясы жакында Кытайдын Сиань шаарына болгон иш сапарынын алкагында бир катар маанилүү келишимдерге жетишти. Фонддун президентинин кеңешчиси Кылычбек Рысалиев катышуучуларды Кыргызстандын туристтик потенциалы, фонддун долбоорлору жана демилгелери менен тааныштырды.

Сапардын жүрүшүндө Сиань шаарынын ири туристтик жана бизнес компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү. Натыйжада, Кыргызстан менен Кытайдын туристтик ресурстарын онлайн-платформалар аркылуу илгерилетүүгө багытталган үч тараптуу кызматташтык меморандумуна кол коюлду.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар