Башкы беткеСоциалдыкЖол кире накталай эмес төлөнөт, айдоочулардын айлыгы өсөт

Жол кире накталай эмес төлөнөт, айдоочулардын айлыгы өсөт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев “Бишкек шаардык транспорт” ишканасынын айдоочулары менен жолугушуп, коомдук транспорттогу маселелерди талкуулады.
Жолугушууда жол эрежелерин так сактоо, аялдамаларда гана токтоо жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу керектиги айтылды.
Ошондой эле жүргүнчүлөргө эрежелерди түшүндүрүү иштерин күчөтүү маанилүү экени белгиленди. Айдоочулардын айлыгы жана коомдук транспортто накталай эмес төлөмгө өтүү маселеси да көтөрүлдү.
Мэрия жакын арада бул багытта жаңы долбоорду шаардык кеңешке сунуштап, айлыкты 30%га чейин этап-этабы менен көтөрүү жана төлөм системасын жаңылоо пландалып жатканын билдирди.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар