Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖаңыланган автобекетте 76 каттам боюнча жүргүнчү ташылат

Жаңыланган автобекетте 76 каттам боюнча жүргүнчү ташылат

Президент Садыр Жапаров 8-августта Каракол шаарында «Кыргыз Автобекети» мамлекеттик ишканасынын «Ысык-Көл автовокзалы» филиалынын башкы имаратынын капиталдык оңдоо жана модернизациялоонун жыйынтыгы менен таанышты.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө «Ысык-Көл автовокзалы» суткасына 500дөн 1000ге чейин жүргүнчүгө тейлөө көрсөтө алат жана 76 каттам боюнча, анын ичинде 1 эл аралык, 16 облустар аралык, 17 облус ичиндеги шаарлар аралык, ошондой эле 42 шаар четиндеги жана райондук багыттар боюнча ташууларды камсыздайт.

Оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө чатыры алмаштырылып, инженердик тармактар жаңыланган, ички бөлмөлөр заманбап жасалгаланган, жаңы терезелер жана эшиктер, LED-экран жана трансляциялык түйүн орнотулган, имараттын фасады жаңыланган, ошондой эле аймак көрктөндүрүлгөн.

Муну менен катар Транспорт жана коммуникациялар министрлиги автовокзалдын аймагын асфальттоо иштерин жүргүзүүдө.

Президент Садыр Жапаров бардык иштер аяктагандан кийин Каракол автовокзалы заманбап, функционалдуу жана аймактын калкын жана конокторун тейлөөнүн жогорку стандарттарына жооп берген, ыңгайлуу транспорттук түйүн болуп калат деген үмүтүн билдирди.

Эске салсак, мамлекет башчысы 2024-жылдын май айында Караколго болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө 1988-жылы ишке киргизилген автобекетти капиталдык оңдоодон өткөрүп, комплекстүү түрдө жаңылоону тапшырган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар