whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.01.2026
-5.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүБишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү завод ушул жылдын декабрында ишке кирет

Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү завод ушул жылдын декабрында ишке кирет

Катуу тиричилик таштандыларын кайра иштетүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүүчү заводдун курулушу 2025-жылдын декабрында аяктайт. Бул тууралуу кечээ, 11-майда өлкө башчы Садыр Жапаровдун Бишкек шаарындагы санитардык полигонго болгон иш сапары учурунда белгилүү болду.

Мамлекет башчыга бул долбоорду ишке ашыруу таштандыларды кайра иштетүү көйгөйүн чечип, кошумча электр энергиясын өндүрүүнү камсыздай турганы маалымдалды.

Бишкек мэриясынын жетекчилиги маалымдагандай, бүтүндөй Борбор Азия аймагында ишкананын аналогу жок. Завод суткасына 1 миң тонна таштандыны кайра иштетет, анын кубаттуулугу 30 МВт саат болот. Келечекте кайра иштетүү көлөмүн суткасына 3 миң тоннага жеткирүү пландалууда.

Президент Садыр Жапаров курулуштун мөөнөттөрүн, аткарылган иштердин сапатын жана экологиялык коопсуздук талаптарын так сактоо зарылдыгын белгилеп, бул долбоорду жүзөгө ашыруу борбор калааны туруктуу өнүктүрүүгө жана шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болорун белгиледи.

Гезит

Дөөлөтбек БЕРИКБАЕВ: “Биз жаңы баскычтагы жаңырган Кыргызстанды курууга бет алдык

       Мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты, “Ак-Талаа Эл” коомунун Президенти,  “Уңгужол” доктринасын ишке ашыруу боюнча “Уңгужолдун насааткери” сертификатынын ээси Дөөлөтбек...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар