Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Дүйнөлүк банктын Швейцария өлкөлөрүнүн тобунан Аткаруучу директору Беатрис Мазердин жолугушуусу болуп өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Адылбек Касымалиев өлкөнүн 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагындагы негизги жетишкендиктер менен тааныштырып, республиканын стратегиялык максаты ИДПнын көлөмүн 30 миллиард доллардан кем эмес деңгээлге жеткирүү жана кирешеси ортодон жогору өлкөгө айлануу экенин белгиледи.
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын динамикалуу өнүгүп жатканын, аны конкреттүү сандар менен тастыктады. Ал белгилегендей, Эл аралык Валюта Фондунун маалыматы боюнча өлкө 2024-жылы ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөлүк лидерлердин үчилтигине кирди. Бул динамика бир жагынан натыйжалуу фискалдык саясаттын аркасында мүмкүн болду, ал консолидацияланган бюджеттин ресурстарын 3,5 эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берди — 2021-жылдагы 313,1 миллиард сомдон 2025-жылы 1,1 триллион сомго чейин жетти.
Оң тенденцияларды ырастап, МинКаб Төрагасы инвестициялык жигердүүлүктүн олуттуу өсүшү жөнүндө маалыматтарды келтирди: 2025-жылы негизги капиталга инвестициялар өткөн жылга салыштырмалуу 18,4%га көбөйүп, өлкөдө 273 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Бул ийгиликтерди эл аралык рейтингдик агенттиктер да баалап, Кыргызстандын кредиттик рейтингин “В+” деңгээлине көтөрүшкөн, бул анын экономикалык жана бюджеттик саясатынын натыйжалуулугун чагылдырган. Бул рейтинг үстүбүздөгү жылдын март айында ийгиликтүү тастыкталган.
Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна өзгөчө көңүл бурулду. Адылбек Касымалиев Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын өкмөттөр аралык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы аяктаганын жарыялап, бул долбоордун өлкө үчүн артыкчылыктуулугун баса белгиледи.
МинКаб Төрагасы адам капиталын өнүктүрүүнү туруктуу өсүштүн негизи катары белгиледи. Ал ошондой эле «Алтын Казык» билим берүү системасын трансформациялоо программасына токтолду, анын максаты мектепке чейинки билим берүүдөн баштап, кесиптик-техникалык билим берүүнүн бардык тепкичтерин модернизациялоого багытталган.
Мамлекеттик башкаруу системасын дебюрократизациялоонун алкагында Төрага Президент жана Министрлер Кабинети тарабынан 20 мыйзам жана 40тан ашык стратегиялык чечимдер кабыл алынганын белгиледи. 100 күндүн ичинде социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берген “Мамлекеттик акселераторлор” программасы активдүү ишке ашырылууда. 2025-жылы транспорт, курулуш, саламаттыкты сактоо сыяктуу тармактарда 12 реформа ийгиликтүү аяктап, быйылкы жылдын башынан бери дагы төрт демилге көтөрүлдү.
Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Беатрис Мэзер өз кезегинде үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга терең кызыкдар экенин жана республиканын экономикалык динамизмине жогору баа берди.
«Кыргызстан кыска убакыттын ичинде жетишилген натыйжалар чындыгында эле таң калтырат. Камбар-Ата-1 ГЭСи долбоору Дүйнөлүк банк үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Сиздерди Өкмөттөр аралык макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи этабынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктайбыз жана Банктын Директорлор кеңешинде өлкөнүн кызыкчылыгын коргоону улантууга даярбыз», — деп белгиледи Беатрис Мэзер.
Тараптар туруктуу өнүгүүгө жана кыргызстандыктардын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлордун портфелин мындан ары кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.