Башкы беткеРубрикаларДен соолукЖасалма таттуулар мээнин иштөөсүн 62%га азайтат

Жасалма таттуулар мээнин иштөөсүн 62%га азайтат

Жаңы илимий изилдөөдө көп өлчөмдө жасалма таттуу колдонгон адамдардын эс тутум жөндөмдөрү башка адамдарга салыштырмалуу 62% ылдамыраак төмөндөөрү аныкталды.

Изилдөө жыйынтыгы Америкалык неврология академиясынын медициналык журналына жарыяланды.

  • Экспериментке Бразилиянын 13 миңден ашуун тургуну (орточо жашы 52) катышкан.

  • Катышуучуларды окумуштуулар 8 жыл бою байкап, атайын тесттерден өткөрүшкөн.

  • Жасалма ширелерди эң көп колдонгондордун мээ функциялары эң аз колдонгондорго караганда 1,6 жылга эртерээк картаюуга туш болгон.

  • Изилденген кошулмалар: аспартам, сахарин, ацесульфам-К, эритрит, ксилит, сорбит жана тагатоза. Алардын ичинен тагатоза гана зыяндуу байланыш көрсөтпөгөн.

  • Таасир диабети бар адамдарда күчтүүрөөк байкалган.

Окумуштуулардын айтымында, каллориясы аз жана кантсыз деп жарнамаланган ичимдиктер менен таттууларды көп колдонуу мээнин узак мөөнөттүү иштешине терс таасир этет.

Буга чейин да изилдөөлөр айрым жасалма канттар диабеттин, жүрөк-кан тамыр ооруларынын жана рак коркунучунун көбөйүшү менен байланыштырып келген. Айрыкча, аспартам ДССУнун алдындагы агенттик тарабынан “мүмкүн болгон канцероген” катары классификацияланган.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар