Надира Сынташевна, маегибизди жагымдуу жаңылыктар менен баштасак. Жаңы окуу жылында канча мектеп, канча бала бакча ачылды?
- Быйыл 63 мектеп ишке берилди. 1-сентябрга карата Баткен облусунда — 6 мектеп, Жалал-Абад облусунда — 18, Ысык-Көлдө — 6, Нарын облусунда — 6, Ош облусунда- 6, Талас облусунда — 1, Чүй облусунда — 1 мектеп ачылды. Бишкек шаарында кошумча мектеп имараттары, Жалал-Абадда — 4 спорт зал, Ош облусунда — 8, Ысык-Көл облусунда — 1 спорттук зал пайдаланууга берилди.
Ал эми бала бакча тууралуу айтсак, быйыл 19 бала бакча ачылды.
- Буюрса, бул жагы дурус экен.
- Ооба. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу мектеп, бала бакчалардын курулуштары тынымсыз жүрүп жатат. Эң башкысы, мамлекет тарабынан көп көңүл бурулууда. Мында, Курулуш , архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин (мындан ары – Курулуш министрлиги), Бишкек, Ош, Жалал-Абад мэриясынын, райондук борборлордун жетекчилеринин көңүлүн мектеп, бала бакчалардын кошумча корпустарын куруу керектигине буруп жатабыз. өзүңөр билесиңер, шаардын ичинде жаңы мектептерди курууга орун жок. Демек, аерге кошумча корпустарды куруу керек.
- Эмне үчүн андай?
- Кыргызстанда акыркы жылдары демографиялык жактан өсүш болуп жатканы бала бакча жашындагы жана мектеп жашындагы балдардын санынан байкалат. Бул албетте жакшы көрүнүш. Изилдөөлөрдө 2032-жылдарга чейин демографиялык өсүш жогору болот деген болжолдоолор бар. Ушундан улам биз да Курулуш министрлиги жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен ар бир аймакка балдардын өсүшүн эске алуу менен мектептерди жана бала бакчаларды курганга аракет кылып жатабыз. Мындан тышкары ички миграцияны эске алууга туура келет. Бишкек, Жалал-Абад жана Ош шаарларына, райондун борборлоруна калк көбүрөөк отурукташып жатат. Ошол жерлердеги мектептерге аябай оор болуп жатат. Ушундан улам Бишкек шаарындагы мектептерге кошумча окуу корпустарын курууга курулуш министрлигин тартып, калк жыш жайгашкан жерлерге кошумча корпустарды кургула деп сунуш айтып жатабыз.
- Болжол менен дагы канча мектеп керек?
- Кыргызстан эгемендүү болгондон бери мурдагы союздан калган окутуу система менен окутуп келген. Басып өткөн жолубузду талдап, билим берүү системабызда эмнелер жакшы, эмнелерди тез арада оңдоп өзгөртүшүбүз керектигин анализдеп, акыркы анализдер боюнча жаңы моделди түзүп жатып, бир катар чечимдерге келдик. Аналитикага таянып, басып өткөн жолун талдап, кандайдыр бир чечимдерге келбесе өнүгүү болбойт. Жаңы моделди түзүүнүн алдында инфраструктураны да өзүнчө талдадык. Онлайн жана офлайн түрүндө республикадагы ар бир директор жана директордун орун басары менен жолугушуу болду. Ошондо ар бир мектептин долбоордук сыйымдуулугу канча жана факт жүзүндө канча окуучу окуп жатканын тактап, кайсы айылдарда мектептерибиз толбой турат, кайсы аймакта окуучулар көп, сурап билдик. Ушул эсептен алганда бизге дагы 223 мектеп керек экен. Быйыл 63 мектеп курулса, дагы канча мектеп керек, өзүнөн өзү көрүнүп турбайбы.
Талдоонун негизинде дагы бир нерсе айкын болду. Мындан ары 175, 275 орундуу кичине мектептерди куруунун кажети жок. Андай мектептерди эл аз жашаган алыскы тоолуу аймактарга, чек арага жакын айылдарга гана куруу керек деген ойдобуз.
Калк жыш жайгашкан жерлерге 700дөн ашуун окуучуга эсептелген мектептерди гана куруу зарыл. Биринчиден, көп окуучу окуган мектептерге мугалимдерди тартуу оңой. Мугалимдин ошого жараша айлыгы да көп болот. Экинчиден материалдык-техникалык базаны түптөгөнгө да жакшы. Курулуш министрлиги менен бирге ушундай стратегияны бирге иштеп жатабыз. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн мамлекеттин каражатын натыйжалуу пайдаланууга чакырып жатабыз. Сиздердин гезит аркылуу да чакырып кетет элем. Мектеп курулушуна тиешеси бар жактардын баары биригип, бирге талдап, кайсы жерге кандай мектеп куруу керек деген бир сөзгө келсек эч жаңылбайт элек. Кайсы жерге кандай мектеп керектиги, мектептин ордун жана анын сыйымдуулугун талдоо абдан маанилүү.
- Быйыл канча бала мектепке кирди?
- Жылына 10-25 миңге өсүш бар. Азыр мектеп окуучуларынын саны 1,5 миллиондон ашты.
- Бала бакчалар боюнча абал кандай? Эгемендүүлүк жылдары бала бакчалар таланды болуп кетти. Аларды кайтаруу иштери жүрүп жатабы?
- Прокуратура органдары, башка тиешелүү мамлекеттик мекемелер менен бала бакчаларды кайтаруу боюнча иштеп жатабыз. Бүгүнкү күнгө карата 257 бала бакча кайтарылды. Дээрлик 90 пайызы ишке берилип жатат. Кээ бир бала бакчалардын абалы жакшы эле. Аларды бир аз калыбына келтирип эле, иштетип жатабыз. Бир нече бала бакчанын жери эле калыптыр. Айрымдарына капиталдык ремонт керек.
- Учурда дагы канча бала бакча салуу керек?
- Акыркы жылдарда мектепке чейинки билим берүүнү рекорддук көрсөткүчкө көтөрө алдык. Советтер союзу учурунда ошол көрсөткүчкө араң жеткенбиз. Мектепке чейинки билим берүү менен камтуу мурда 28,3 болсо азыр 44,3 пайызга өстү. 1997 бала бакчабыз бар. Анын 286сы жеке менчик. Бала бакчаларда 257 миң 378 бала тарбияланууда.
өлкөнүн улуттук өнүгүү программасына ылайык, 2030-жылга чейин мектепке чейинки билим берүүнү 80 пайызга чейин жеткирүү тапшырмасы коюлган. Курулуш министрлиги, жергиликтүү бийликтер, демөөрчүлөр бириккенде жылына 100 бала бакчадан курсак, ошондо гана 80 пайызга жеткен болобуз.
Типтүү эле бала бакчаларды курбастан, жеке менчик бала бакчаларды курууга да ар кандай мотивацияларды киргизип жатабыз. Бири жеңилдетилген кредит берүү. Экинчиси, эгер сиз үйүңүздү чоң куруп алсаңыз, балдарыңыз окуп бүтүп, өзүнчө бөлүнүп кетип, үйүңүздүн канча бир бөлүгү бош турса, ошол жерге үй тибиндеги жакшынакай бала бакча ачсаңыз болот. Биз, агартуу министрлиги онлайн окуудан өткөрүп беребиз. Салыктык жеңилдиктер бар. “Бала бакча” деп атайы сайт ачып койдук. Ошол жерге катталып, эч кандай лицензиясы жок эле ачууга мүмкүн. Болгону өрт коопсуздук шарттары каралыш керек. Балдардын тамактануусу үчүн шарттар түзүлүшү шарт. Саламаттык сактоо министрлиги санитардык нормаларды, ªКМ өрт коопсуздугун карап берет. Экөө уруксатын берсе эле, биздин окуудан өтүп эле, үй тибиндеги бала бакчаларды ача бересиз. Ишкер болсоңуз жеңилдетилген насыя алып курасыз, же даяр үйүңүздү оңдоп-түздөп, эмерек, оюнчуктарды алып иштете бересиз. Биз жалаң эле Курулуш министрлиги курсун деген жокпуз, жеке ишкерлер, жеке адамдар ачсын, иштетсин деген ойдобуз.
- Көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаттарына бала бакча ачса болбойбу?
- Курулуш министрлигине рахмат айтышыбыз керек. Көп кабаттуу үйлөрдүн алдыңкы кабатына нормалардын баарын өзгөртүп, бала бакча ачууга уруксат берилди. Көп өлкөлөрдө, мегаполистерде көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаттарында бала бакчалар иштейт, башталгыч класстын мектептери орун алган. Бул анда жашагандар үчүн абдан ыңгайлуу экен. Ишине баратып эле баласын бала бакчага, башталгыч класска таштап кетет. Дагы бир жаңылык, жеке менчик башталгыч мектеп ачкыңыз келсе, анын да абдан жөнөкөйлөштүргөн түрү иштелип жатат. Чоң шаарларда бул өтө актуалдуу.
- Жаңы окуу жылы башталганда эле окуу китептери менен байланышкан эски көйгөй башталат. Бул жакта өзгөрүүлөр барбы?
- 30 жылдан бери китеп чыгаруунун бирдиктүү саясаты иштелип чыккан эмес. Министрлик жеке менчик басмаканалардын көзүн карап калган. Элдин эсинде чыгар, союз мезгилинде “Мектеп” басмасы болгон. Аерде кесипкөй адамдар иштеген. Соңку 30 жылда бир жагынан каржылоонун жетишсиздигинен жана толук кандуу мамлекеттик механизмдин жоктугунан, китеп чыгаруу оор абалда калган. 2024-жылдан баштап абал түп-тамырынан өзгөрдү. Эң биринчи, “Окуу китеби” мамлекеттик басмакана түзүлдү. Бул конкурс жарыялап, жаңы жакшы иштелмелерди чогултуп, иштеп чыгууга шарт түзөт. Окуу китептерин иштеп чыгуу бул абдан оор процесс. Улуттук өзүбүз жазган окуу китептерин чыгаруу биздин ишибиздин чоң багыты. Экинчи багыт, муну дүйнө жүзү практикалайт экен, даяр, натыйжасын берген окуу китептерин алып, аны Кыргызстандын мамлекеттик стандартына ылайыктап, өзүбүздүн материалдарды кошуп туруп адаптациялоо. Дагы бир чоң жаңылык, азыр жеке менчик басмаканаларга көз каранды болбой, окуу китептерин “Учкун” басмаканасынан чыгарып жатабыз.
Бүгүнкү күндө “Англис тили” предмети боюнча 3-4-5-6-7-8-9-класстар үчүн жаңы окуу-методикалык комплекстер 1 917 570 нускада басылып чыкты. Мурда мындай чоң нускада басылып чыкчу эмес. Азыраак басылып калса да чоң кубаныч болчу. Бул жаңы муундагы англис тили китептери. Эмки жылга 10-11-12-класстар үчүн англис тили китептери чыгат. Ошентип англис тили окуу китеби боюнча көйгөй болбойт.
Азыр 1-2, 5-7-класстарга математика чыгарып жатабыз. 3 жылдын ичинде толук линейка менен аны даярдап беребиз. Эмне үчүн? Себеби, алар жаңы программа менен баштаган класстарыбыз.
- Китептер мектепке жеттиби?
- Мектепке азыр англис тили жетти. Математика “Учкунга” берилди. Буюрса, 3 жылдын ичинде бардык китептерди басып чыгарууга аракет кылабыз. Биздин ишкана кагаз түрүндөгү эле китепти чыгарбайт. Ал электрондук китепти да чыгарат. Биз даяр болгон электрондук китептерди ар бир китепканачыга, ар бир директорго салдык. Алар окуучуларга берет. Жеткиликтүү болсун деп. Ролик да чыгарып бердик. Окуучу электрондук күндөлүккө кирип, сайтты басып, ошол эле жерден тиешелүү китепти жүктөп ала алат.
- Мугалимдердин айлыгы кандай болот?
- Президентибиз Жалал-Абадга барганда, мектеп ачылышында да айтты. Мугалимдердин айлыгын жогорулатуу келаткан эмки жылдын апрелинде жана октябрында күтүлүүдө.
Даярдаган Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ
“Кыргыз Туусу”

