Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жаңы технологияларды туура пайдалануу менен жылына эки жолу түшүм алуу зарылдыгын билдирди.
Ошондой эле «Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда өсүмдүк селекциясынын жана үрөнчүлүк өсүмдүктөрүнүн ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда Кыргызстанда климаттык өзгөрүүлөр байкалып, кеч жазда үшүктөрдүн кайталанышы дыйкандарга олуттуу зыян алып келип жаткандыгы белгиленди.
“Айдоо жерлеринин чоң аянттары орто тоолуу, деңиз деңгээлинен 1200 м бийиктикте жайгашкан. Ошол эле учурда талаа чарбачылыгынын кирешесин жогорулатууда интенсивдүү айыл чарба технологияларына өтүү зарыл.
Кыргызстандын Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облустарында өсүмдүк өстүрүүдө жаңы технологияларды туура пайдалануу менен жылына эки түшүм алууга толук кандуу өтүү зарыл. Кыргызстанда сугат суунун жеткиликтүүлүгү жана күнөстүү күндөрдүн санын эске алганда бул жагдайды өсүмдүк өстүрүүдө жана багбанчылыкты өнүктүрүүдө атаандаштыктын артыкчылыгы катары баалоо керек», — деди Төрөбаев.
Аталган конференцияга Россия, Казакстан жана башка бир катар өлкөлөрдүн илимий өкүлдөрү катышып, учурдагы климаттык шарттарда айыл чарбасындагы жаңы ыкмаларды кеңири жайылтуу, колдонуу шарттары талкууланууда.