Бүгүн, 1-июлда, Улуттук тарых музейинде Салык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына жана салык кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Салтанаттуу жыйынга Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, ошондой эле Салык кызматынын ардагерлери жана кызматкерлери катышышты.
Иш-чаранын башталышында катышуучуларга Салык кызматынын калыптанышынын жана өнүгүшүнүн негизги этаптарын чагылдырган видеоролик көрсөтүлдү.
МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Салык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдык мааракеси менен куттуктап, мамлекеттин өнүгүүсүндө салык кызматынын ролунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Ал соңку жылдары Салык кызматы бизнес менен болгон өнөктөштүктө кызмат көрсөтүүчү, коомдун талаптарын түшүнгөн, ачык-айкын, ыңгайлуу жана эффективдүү кызматка айланып баратканын айтып, мамлекеттик бюджеттин кирешесин камсыздоодогу жетишкендиктерине токтолду.
“Азыркы мезгилде жалпысынан абал жакшы. 2024-жылы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүүсү 302,4 млрд. сомду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 53 млрд. сомго көп болуп, 21 пайыздан ашуун өсүш болгон. 2025-жылдагы болжолдун ишенимдүү аткарылышын жана туруктуу позитивдүү динамикасын көрсөтүп жатасыздар. Үстүбүздөгү жылдын 5 айында салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсү 147,4 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,3 млрдга же 28% га көп болгон”, — деп Адылбек Касымалиев.
Андан соң өлкөнүн финансы-экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, ошондой эле КР Салык кызматкерлеринин күнүнө карата бир катар кызматкерлерди Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады.
Өз кезегинде Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Салык кызматы заманбап, санариптик чечимдерди жайылтуучу, ачык жана динамикалуу өнүгүп жаткан мамлекеттик органга айланганын баса белгиледи.
“Бүгүнкү Салык кызматы — заманбап, ачык-айкын иштеген, үзгүлтүксүз өнүгүп жаткан орган. Кагаз жүзүндөгү отчёттон санариптик кызматка, формалдуу мамиледен — бизнес менен өнөктөштүккө, ишенимге өттүк. Биз жол-жоболорду жөнөкөйлөтүп, заманбап технологияларды ишке киргизип, кызмат көрсөтүү деңгээлин жогорулатуудабыз”, — деп билдирди ал.
Аны менен катар Алмамбет Шыкмаматов артыкчылыктуу багыттарга токтолуп, санариптештирүүнү улантуу, башкарууну жакшыртуу, коомдун ишенимин бекемдөө жана бизнес менен кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Салтанаттуу иш-чара майрамдык концерт менен улантылды.