Япониянын борбору Токио шаарында болжол менен 10 миңдей адам өкмөттүн кооптуу деп эсептелген аскерий саясатына каршы нааразылык акциясына чыкты. Демонстранттар парламент имаратынын алдында чогулуп, ракета жайгаштыруу жана өлүмгө алып келүүчү куралдарды экспорттоону жеңилдетүү пландарына каршы экенин билдиришти.
Нааразылыкка чыккандар “Согушка жол жок!” жана “Конституцияны бузууга болбойт!” деген жазууларды көтөрүп чыгышты. Ошондой эле алар Япониянын Конституциясынын 9-беренесин жамааттык түрдө үн чыгарып окуп, өлкөнүн тынчтык принциптерине берилгендигин билдиришти.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, акцияга жеринде 8 миңдей адам катышып, дагы миңдей адам онлайн форматта кошулган. Мурунку нааразылык акцияларына салыштырмалуу бул жолу жаштардын саны көбүрөөк болгону белгиленди.
Япониянын Коммунисттик партиясынын саясий кеңешинин төрагасы Таку Ямадзоэ билдиргендей, АКШнын геосаясий саясатынын фонунда Токио Вашингтон менен аскерий кызматташууну күчөтүп жатат. Анын айтымында, мындай кадамдар аймактагы тынчтык жана туруктуулук максаттарына каршы келет.
Акыркы убакта премьер-министр Санаэ Такаити жетектеген өкмөт курал-жарак экспортун жөнгө салган “Коргонуу жабдууларын жана технологияларын өткөрүп берүүнүн үч принциптерине” өзгөртүү киргизүүнү карап жатат. Ошондой эле Япониянын аймагына алыс аралыкка учуучу ракеталарды жайгаштыруу пландарын ылдамдатуу жана конституциялык реформаны илгерилетүү аракети жүрүүдө.

